Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Кытайда компартиянын курултайына соңку даярдыктар көрүлүүдө.


Бүгүн Пекинге Кытай компартиясынын он алтынчы курултайынын 2000 миңден ашуун делегаттары жыйналды. 14- ноябрга чейин созулуучу курултай эртең ачылат. Анда өлкө партжетекчилигинде олутуу өзгөрүүлөр болоору күтүлүүдө. Маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, Кытай мамлекеттик кеңешинин төрагасы, компартиянын баш катчысы Цзянь Цземинь жана башка 70ке жакын жетекчи кызматтан кетээрин жарыялайт. Цзян Цзэминь өлкөнү жана партиянын он жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келүүдө. Анын мураскору катары Мамлекеттик кеңеш төрагасынын азыркы орун басары Ху Цзиньтао аталып жатат. Ху Цзиньтао курултайдын президиумунун баш катчысы болуп шайланды. Курултайдын расмий өкүлү Цзи Бинсюандын бүгүнкү билдирүүүсүнө караганда, бул чоң жыйында Кытай компартиясы коррупцияга каршы күрөштүн катаал багытын да белгилейт.

XS
SM
MD
LG