Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Израилде жаңы террордук акт жасалды.


Израилдин тышкы иштер министри Биньямин Нетаньяху палестин лидери Ясир Арафатты бийликтен кулатууга чакырды. Нетаньяху бүгүн Израилдин аскерий радиосуна берген маегинде белгилегендей, жөөт өкмөтү бул үчүн ыңгайлуу учурду табат. Жөөт тышкы иштер министри жогорудагыдай билдирүүнү өткөн түнү өлкөнүн түндүгүндөгү Киббуц Мецер деген жерде жасалган террордук актыдан беш жөөт жараны анын ичинде эки жаш бала мерт болуп, дагы жети киши жаракат алгандан кийин жасады. Киббуц Мецер кыштагы Йордандын Батыш жээги менен чектеш аймакта жайгашкан. Жөөттөрдү көздөй ок чыгарган палестин согушкери качып кетүүгө үлгүргөн. Израил өкмөтү бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти палестин бийлигине жүктөдү.
" Бир жөөт үй-бүлөсү толугу менен жок кылынды. Биз дагы башка террордук актылар даярдалып жатканын билебиз. Бизде алтымыштай эскертүү бар. Бул палестин бийлиги толук террорчулуктун фабрикасы болуп калганын көргөзөт,- деп айтты жөөт өкмөтүнүн маалымат катчысы Ави Пазнер. Палестин бийлиги өткөн түнкү чабуулду айыптады. Бирок, палестин лидери Ясир Арафат мындай чабуулдар менен катар жөөт аскерлеринин огунан палестиндер да курман болуп жатканына токтолду.
Бүгүн Израилге АКШнын элчиси Девид Саттерфилд келет. Ал жөөт жана палестин бийликтери менен сүйлөшүү өткөрмөкчү.

XS
SM
MD
LG