Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Ирак парламенти ООНдун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын талкуулайт.


Ирак парламенти бүгүн ООНдун коопсуздук кеңешинин өлкөгө аскерий инспекторлорду кайтарууну караган резолюциясын талкуулоо үчүн жабык жыйынга чогулууда. Ирак жаңы резолюциянын шарттарына макул же макул эместиги жөнүндө 15- ноябрга чейин жооп бериши керек. Араб өлкөлөрүнүн Лигасы Багдады резолюцияга баш ийүүгө чакырды. АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешичи Кондолиза Райс кечээ жергиликтүү "Fox" телеканалына берген маегинде Вашингтон бул ирээт резолюциянын талаптары бузулса сабырдуулук кыла албасын билдирди:
" Мен жоромолдогум келет. Саддам Хусейн эми да ачык эле жалган маалыматтарды берсе, ал материалдык бүлгүнгө учурайт. Себеби, биз бул ирээт Ирак режимине такыр сабырдуу боло албайбыз. Узак тарыхы бар бул режим азыр жалганчы жана амалкөй. Биз алар кайта- кайта кызматташууну каалабаарын далилдешине мүмкүндүк берип, дүйнөнүн убактысын текке кетирбешибиз абзел ", - деди АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс. Орусия да Ирак Улуттар уюмунун жаңы резолюциясынын шарттарын сактап, аскерий инспекторлор менен кызматташышы керек деп эсептейт. Бул туралуу бүгүн кабарчыларга өлкөнүн тышкы министринин орун басары Юрий Федотов билдирди. Ал белгилегендей, көп нерсе эми Ирак тарап өзүн кандай көргөзөөрүнө жараша болот.

XS
SM
MD
LG