Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Словениядагы президенттик шайлоо


Нарын АЙЫП 10-ноябр күнү мурдагы Югослав жумурияты Словенияда президенттик шайлоо болуп өттү. Эч ким 50 пайыздан ашык добуш чогулта албагандыктан, 1-декабрга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына азыркы премьер-министр Янез Дрновшек жана башкы прокурор Барбара Брезигар чыкты.

1991-чи жылы Словения эгемендүүлүккө жеткенден кийин, анын биринчи президенти болуп - Югославия федерациясынын мурдагы президенти Милан Кучан шайланган жана беш жылдык эки мөөнөттөн кийин, декабр айында ал кызматынан чегинүүдө. Жалгыз ушул эле көрүнүш - Словения демократиялык багытта өнүгүп келе жатканын көрсөтөт. Ал тууралуу президенттикке негизги талапкер Дрновшек дагы жекшемби күнкү добуш берүүдөн кийин элге кайрылып айтты:

"Менин оюмча, Словения эли - өлкөнүн жетекчилиги акыркы он жылда жүргүзгөн саясатты канааттануу менен кабыл алууда жана анын себеби түшүнүктүү. Биз өзүбүз койгон негизги максаттын баарына, анын ичинде - Европа Биримдигине кошулуу жана бир топ башкага да жетиштик. Он жыл премьер-министрлик милдетти аткарууда бул, менин оюмча, аз эмес".

Чындап эле, Словения - мурдагы Югослав жумурияттарынын ичинен эң өнүккөн мамлекет жана Европа Биримдигине кошулууга талапкер катары аталууда. Жакын арада ал НАТО уюмуна кире тургандыгы да айкын. Өлкөнүн бир жылдык дүң өндүрүшү - Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин орто өндүрүшүнүн 70 пайызын түзөт жана адам башына туура келген бир жылдык киреше 11 миң долларга барабар. Бул көрсөткүч - Биримдикке мүчө Грекия жана Португалияныкынан кем эмес.

Словения өз эгемендүүлүгүн - Югославия федерациясынын ичинен биринчи болуп, 1991-жылдын июн айында жарыялаган. Федерация ага каршы чыгып, Словенияга өкмөттүк аскерлерди жиберген, бирок жаңы эгемендүү жумурият аларды өз чек арасынан өткөрбөй коюууга жетишкен жана согуш 10 күнгө гана уланган. Словениянын үлгүсү менен кийин кошуна Хорватия жана Босния да эгемендүүлүк жарыялаган, бирок алардын аймагындагы ич-ара согуш бир нече жылга уланды.

1992-жылы Словениянын биринчи президенттигине - 1990-жылдан тартып Югослав Федерациясынын президенти болгон Милан Кучан шайланган жана ал ошол эле жылы өлкөнүн премьер-министри кылып Янез Дрновшекти дайындаган. Бул эки адам 10 жылдын ичинде Словенияны - Батыш Европалык өлкөлөрдүн катарына кошту жана эки мөөнөт президет болгондон кийин, президент Кучан өз кызматын премьерге өткөрүп берип жаткандыгы - өлкөнүн өнүгүүсү мурдагы багытта уланаарын кепилдейт.

Ошол эле учурда, 52 жаштагы Дрновшек шайлоонун биринчи айлампасында жетиштүү добуш чогулта албаганы - өлкөдө өнүккөн оппозиция бар экенин да көрсөтөт. Шайлоого тогуз талапкер катышкан жана экинчи орунга чыккан башкы прокурор Барбара Брезигар айым 31 пайыз добуш чогултууга жетишти. Ал өзүн көз карандысыз талапкер катары жарыялаганы менен, аны консерватор оппозиция жана өзгөчө Католик диний уюмдар колдоду. Мурда укук миистри болуп иштеген 48 жашар Брезигар айым - үй-бүлө баалулуктарын көтөрүп, коррупция менен уюшулган кылмыштуулукка күрөшүүнү убада кылууда. Өлкө калкынын 70 пайызы Католик динин тутат.

Анткен менен, шайлоодо сегиз жарым пайыз добуш чогултуп, үчүнчү орунга чыккан улутчул саясатчы Змаго Йелинчич өз шайлоочуларын экинчи айлампада премьер Дрновшекке добуш берүүгө чакырды жана бардык эксперттер - Словениянын экинчи президенти болуп 1-декабрда Дрновшек шайланаарына ишенет.

XS
SM
MD
LG