Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Кипр аралындагы эки мамлекет бирикмекчи


Байян Жумакадыр кызы Учурда Грек Кипр жана Түрк Кипр жумурияттарынын жарандары ондогон жылдардан бери араздашып келаткан аралдагы эки мамлекетти элдештирүү планын талкуулап жатышат. План жумурияттарга биригүү жолун сунуш кылууда.

Ушул жумада ООНдун баш катчысы Кофи Аннан Кипр аралындагы гректер менен түрктөрдү бириктирүүнүн татаал планын ачыкка чыгарды.План Грек Кипр жумуриятын Европа Союзуна кабыл алуу алдында жылдардан берки талашты тынчтык жолу менен чечүүнүн акыркы мүмкүнчүлүгү катары сыпатталып жатат. Жумурият Евросоюзга 2004 жылы кабыл алынмакчы.
Арийне 30 жылдан бери эки өлкөгө жиктелип, араздашып келаткан арал тургундарынын проблемасы 2004-жылга чейин чечиле койушуна Евросоюздун көзү жетпейт. Ошондой болсо да Еврокомиссиянын президенти Романо Проди 13-ноябрьда Брүсселде жасаган билдирүүсүндө ал планды ишке ашыруу үчүн арал жетекчилеринин ыкчам аракетенүүсүнө дилгир болуп турганын жашырган жок. "Европа Союзуна арал бүт бойдон кабыл алынса-курсант болоор элем. Бирок аралдын саясий жиктелгенине байланыштуу, биз эки жумурияттын жакшыраагын кабыл алганы жатабыз. Жагыштуу саясий окуялар болуп, абал өзгөрсө, биз аралды бүтүндөй өз арабызга кошмокбуз", –деди Проди.
Аннан сунуш кылган план, ар бир кантон кеңири укуктарды, сактап калган Швейцаридагы өкмөттүн үлгүсүнө негизделген. Швейцариянын эгемен кантондору федералдык деңгеелде бирдиктүү өкмөт түзүп, өлкө конфедерация деп аталат. Кипрде алты кишиден турган президенттик кеңешти түзүп, президенттик жана вицепрезиденттик кызматтарды ротациялык ыкма менен иш жүргүзүү сунуш кылынат.
Грек жана Түрк Кипр жумурияттарынын өкмөт өкүлдөрү башкы өкмөттө 10 айда -бирден алмашып, кезектешип иштемекчи. Өкүлдөр аралда жашаган эки улуттун санына жараша шайланышат. План ошондой эле тараптардын туйукка капталган тынчтык сүйлөшүүсүн кайра жандантууну карайт. Буга байланыштуу ООНдун баш катчысы Кофи Аннан гректер менен түрктөрдүн лидерлери Главкос Клеридес жана Рауф Деңкташка кайрылып, план менен кылдат таанышып чыгып, өз пикирлерин 18-ноябрьдан калбай ортого салууну талап кылган.
Түркиянын "Хуриет" гезитинин дипломатиялык маселелер боюнча кабарчысы Угур Эрган тынчтык план азыр бүткүл түрк коомчулугунун көңүл чордонунда болуп жатканын, бирок сунуш этилген планды гректер шыктануу менен кабылдашканы менен, түрктөрдө документ ишенбөөчүлүктү жаратканын белгилейт. "Тынчтык бир катар талаптарга төп келүүгө тийиш. Ал туруктуу, узак мөөнөттүү жана адилет болуусу керек. Эгерде Аннан мырза сунуш кылган план эки тараптын мүдөөсүнө бап келсе, тынчтык жакын арада орнойт дегенге негиз бар" ,– деп билдирди Эрган.
Түрк Кипр жумуриятынын жетекчилиги менен расмий Анкара тынчтык план боюнча консультацияларды баштады. Ал эми Грек Кипр жумуриятынын англис тилинде чыгуучу "Сайприс Уикли" жумалыгынын кабарчысы Мартин Генри пландын айрым аспектилери Грек кипрликтеринин шектенүүлөрүн пайда кылганын айтат. Алардын маанилүүсү катары кабарчы грек качкындарынын маселесин атайт. 1974- жылы Түркиянын аскердик кийлигишүүсүнөн кийин, түрктөр аралдын үчтөн бирин, негизинен түндүк тарабын көзөмөлдөп калышкан. Ал эми ал жерден качканга мажбур болгон бир миллионго жакын грек азыр Греция менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө баш бааналоодо. Алардын кайрылып келүүнү каалагандарына мүлкү менен жери кайтаралып берилет, ал каалабагандарга – акчалай компенсация төлөнөт. "Мунун өзүн айрым гректер 1974- жылкы оккупациянын мыйзамдуулугун расмий тааныгандык деп эсептеп жатышат", -дейт серепчи Генри Мартинс. Кандай болбосун, азырынча планга байланыштуу кызыкдар тараптардан ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. "Бирок эки тарап тең планга негизинен ишеним көрсөтүп, анын майда-чүйдөсүн талкуулап, керек болсо өзгөртүп, орток пикирге келүү үчүн сүйлөшүү керектигин айтып жатышат", - дейт серепчи.

XS
SM
MD
LG