Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер бүгүн - жакында парламенттик шайлоодо жеңип чыккан "Акыйкат жана өнүгүү" партиясынын төрагасы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуп, өлкөнүн жаңы премьер-министрин дайындоо маселесин талкуулады. Шайлоо Түркияда 3-ноябр күнү өткөрүлгөн жана Эрдогандын партиясы парламенттеги көпчүлүк орундарды утуп алып, премьерликке талапкер деп өзүнүн үч жетекчисин атады.