Америкалык президенттин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райстын 15-ноябр күнү жарыялаганына караганда, НАТО саммитине катышуу үчүн, президент Джордж Буш 20-ноябр күнү Прага шаарына келет. Саммит учурунда ал Прагада - уюмдун башкы катчысы Джордж Робертсон, Чехиянын, Франция жана Түркиянын президенттери Вацлав Гавел, Жак Ширак жана Ахмет Неждет Сезер менен жолугат. 22-ноябр күнү Буш Санкт-Петербургга барып, Орусиянын президенти Владимир Путин, анын эртеси Вильнюс шаарында Латвия, Литва жана Эстониянын президенттери менен кездешет. Литвадан кийин президент Буш Бухарестке келип, Румыния президенти Ион Илиеску менен жолугат.