Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:22

ПРЕЗИДЕНТ БУШ МЕНЕН МАЕК


Нарын АЙЫП 21-22-ноябр күндөрү Чехиянын борбору Прага шаарында НАТО уюмунун саммити өтөт жана ал бийик жолугушууда - уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси чечилет. Жыйынга АКШ президенти Джордж Буш да катышат жана ал Прагага жөнөөр алдында, Вошингтондогу Ак Үйдө 18-ноябр күнү "Азаттыктын" кабарчысы Джеффри Донован менен жолугуп, саммитте талкуулана турган маселелер жөнүндө сүйлөштү.

Прага саммитинде - НАТО уюмуна мүчө болууга чакыруу жети Чыгыш Европалык жумуриятка - Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения жана Эстонияга - берилиши күтүлүүдө. "Азаттыктын" кабарчысынын: мындай өтө чоң эмес өлкөлөр НАТОнун өнүгүшүнө орчундуу салым кошо алабы? - деген суроосуна президент Буш: алардын кошо турган эң негизги салымы - эркиндикти эңсөө жана эгемендүүлүкөө умтулуу, - деп жооп берди. "Менин оюмча, алар чындап эле өтө орчундуу нерсени - эркиндикти жан дили менен сүйүп, ага умтулганды НАТО саясатына кошо алат. Алар тоталитардык тартипте жашаган жана эркин болгон эмес. Бирок АКШ эркиндикти кандай бааласа, алар дагы эгемендүүлүккө ошончолук умтулган."


НАТОнун Чыгыш тарапка дагы кеңейишине Орусия канчалык каршы экендиги тууралуу суроого президент Буш: андан Маскөө үчүн эч зыян болбойт, - деген жооп кайтарды. "Негизги маселе - өз ара кызматташуунун туура багытта өнүгүшүндө. Андай өнүгүү болсо, Орусияга: НАТО уюму кеңейгенден анын чек арасында коркунуч эмес, тынчтык орноп жаткандыгын көрсөтүүдө".


Ошол эле учурда, "Азаттыктын" кабарчысынын: Чеченстандагы согушту Орус жетекчилиги - эл аралык терроризмге каршы АКШ жүргүзүп жаткан согушка теңеп жатат, - деген оюна америкалык президент: Чечен маселеси тынчтык жолу менен чечилүүгө тийиш, - деген пикирин билдирди. "Чечен маселесин тынчтык ыкмалары менен чечүүгө Орусиянын кудурети жетиш керек. Албетте, президент Путин өз элин террордук аракеттерден коргоого милдеттүү, бирок ошол эле учурда, жалпы маселе тынчтык жолу менен, улуттук азчылыктардын укугун коргоону кепилдөө менен чечилүүгө тийиш жана ал тууралуу Путинге менен ар бир жолугушууда айтып келатам."


Иракка каршы мүмкүн баштала турган согушка НАТО уюмунун тажрыйбасын жана күчүн колдонуу тууралуу суроого президент Буш: негизги маселе - Саддам Хусейнди кыралсыздандыруу жана ага күч колдонбой жетүү, - деп айтты. "Эң оболу, биз бул маселени - Саддам Хусейнди куралсыздандырууну - тынчтык жолу менен чече алаарыбызга ишенем. Бирок биз ага 11 жылдан бери үмүттөнүп келгенбиз, Бириккен Улуттар Ирак боюнча 16 резолюция кабыл алган жана мына, жакында 17-резолюция чыкты. Бирок ага карабай, Хуссейн куралын таштабаса, мен чындап эле ага каршы коалицияны жетектейм жана бардык мүмкүн боолгон ыкмаларды колдоном, анын ичинде НАТО уюмун да катыштыруу мүмкүн. Биз аны Бириккен улуттарда талкуулайбыз".


Борбор Азия жумурияттарынын маселелерине кайрылган "Азаттыктын" кабарчысы Джеффри Доновандын: террорго каршы согушту өзүнүн бийлигин күчөтүүгө пайдаланган Борбор Азиялык өкмөттөр менен АКШ жакындашуудан коркпойбу, - деген суроосуна Буш: андай маселе чындап эле бар, бирок ал чечилет, - деп жооп берди. "Биз ар бир адамдын өмүрүн барктайбыз жана менин түшүнүгүмдө, башка элдер Америка кошмо штаттары менен канчалык байланыш түзүп, кызматташса, алардагы адам укуктарынын абалы жакшырат. Биз ага бир топ убакыт коротуп жатабыз".


Прагадагы саммиттен кийин Буш Санкт-Петербургга барып, президент Путин менен жолугат, андан соң Литва менен Румынияга барат.

XS
SM
MD
LG