Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

САНКТ-ПЕТЕРБУРГ САММИТИ


Эсенбай НУРУШЕВ НАТОнун Прагадагы саммити аяктаган күнү Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Санкт-Петербургда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жолдорун, Ирак проблемасын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө НАТО менен Россиянын ортосундагы алакалардын перспективасы тууралуу да сөз болду.

Жорж Буш Санкт-Петербургдагы жолугушуу өтө жылуу ырайда өткөнүн белгилеп,президент Владимир Путинди өзүнүн эң жакын досторунун бири деп эсептей тургандыгын билдирди. ”Достордун арасында боло жүргөндөй,биздин көз караштарыбыз дайыма эле бир жерден чыга бербейт, бирок оюбузду ачык айтып, ачык талкуулаганга даярбыз”,-деп айтты Буш. Президент Путин муну бышыктап, эки тараптуу мамилелерге, эл аралык аренадагы биргелешкен аракеттерге арналган маселелерди абдан ачык-айрым мүнөздө талкуулашканын жана аңгемелешүү өтө үзүрлүү болгонун белгиледи. Эки саатка чукул созулган сүйлөшүүлөрдө эки президент, Путиндин айтымында,кагаз-сагазсыз, ээн-элкин отуруп пикир алышышты.
Сүйлөшүүлөр башталар алдында Буш Россиянын калкына кушкабар алып келгенин, Прагада кабыл алынган чечимдер Россия үчүн жакшы иш болгонун айткан эле. Ал ошондой эле террорго каршы күрөшкө Россия үлкөн салым кошуп жатканын НАТО моюндайт деп ырастады.Путин болсо Буштун терроризм проблемасына жасаган мамилесин жактырып, аталган чөйрөдө ушундай гана позиция керек, деп белгиледи. Путиндин айтымында, не террорчуларга, не аларды колдоп жаткандарга кенедей да мүмкүнчүлүк калтырбашкерек. Буш бул ойду коштоп, террорчулар кайда жашынбасын,аларды бирден кармап, түгөл түбүнө жетебиз, деп ишендирди.
Президенттер Ирак проблемасы жана эки өлкөнүн энергетикалык карым-катнашын жандантуу маселеси боюнча биргелешкен эки билдирүү кабыл алышты.Иракка арналган документте Багдад ООНдун коопсуздук кеңешинин резолюцияларына ылайык өз милдеттенмелерин толук өлчөмдө жана кыйшаюусуз аткарууга тийиш экени, ансыз ал олуттуу кесепет-кесирге калары эскертилет. Ал эми энергетикалык алакалар боюнча билдирүүдө ишкердүү кызматташтыктын чөйрөлөрүн издеп жатышкан америкалык жана россиялык кампания ларга активдүү колдоо көрсөтүү зарылдыгы ырасталды.”Мен атайын белгилегим келет, анткени бул өтө маанилүү деп ойлойм, Кошмо Штаттары менен Россиянын кызыкчылыктары экономикалык чөйрөдө гана эмес,ошондой эле стратегиялык маанидеги көп маселелерде шайкеш келет”,-деп көрсөттү Путин.
НАТОнун кеңейүү процессине мамилесин билдирип,Путин бул иштин өктөм зарылдыгы жоктугун белгиледи. Ошол эле учурда ал Россия президент Буштун позициясын эске алат жана альянстын бардык өлкөлөрү менен позитивдүү мамилелерди өнүктүргөнгө үмүттөнө тургандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG