Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Австриядагы шайлоо


Улан Алымкул уулу Жекшемби күнү Австрияда парламенттик шайлоо өтүүдө. Добуш берүүнүн жыйынтыгына жараша парламент менен бирге өлкөнүн жаңы өкмөтүн ким башкараары аныкталат. Шайлоо алдындагы сурамжылоолор, бийлик үчүн атаандашкан негизги саясий партиялардын калк арасындагы бедели бирдей экенин көргөздү.

Австрия бул жолку мөөнөтсүз парламенттик шайлоону өткөрүүгө сентябрь айында өлкөнүн өкмөттүк коалициясы бузулгандан кийин мажбур болгон эле. 1999-жылдын күзүндө болгон шайлоонун натыйжасында консервативдүү Элдик партия менен ашынган улутчул Эркиндик партиясы коалиция түзүп, өкмөттү башкарууну колго алган болчу. Ашынган улутчулдардын өкмөткө кириши Австрия алты айча Евросоюздан дипломатиялык изоляцияда калышын да шарттаган. Аталган эки партиянын саясий союзунун бузулушуна, коалициядагы Эркиндик партиясынын жетекчилиги арасында өкмөттүн экономикалык саясатына байланыштуу чыккан ич ара пикир келишпестиктер өбөлгө берди. Эркиндик партиясынын министрлери өкмөттөн отстаквага кете баштаган соң, канцлер Вольфганг Шюссел да анын Элдик партиясы коалициядан чыгаарын жарыялагандан кийин парламент таратылып, Австрияда мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү зарылдыгы чыккан. Эми Австриянын 5 миллиондон ашуун шайлоочусу кимге артыкчылык берет ? Кайсыл партия өлкөнүн 183 орундан турган парламентинде көпчүлүктү түзүп, өкмөттү башкарууну колго алышы мүмкүн ? Бул суроонун жооптору алдыдагы бир нече сааттын аралыгында билинмекчи. Коомдук пикирди сурамжылоонун шайлоо алдындагы жыйынтыктары бийлик үчүн атаандашкан негизги саясий партиялардын калк арасындагы бедели бирдей экенин көргөздү. Эң соңку сурамжылоолорго караганда, башкы атаандаштар : өлкөнүн азыркы канцлери Вольфганг Шюсселдин Элдик жана буга чейинки парламентте азчылыкты түзүп, оппозицияда жүргөн Социал –демократтар партияларынын ар бирин шайлоочулардын 37 % колдойт.

Бирок, аналитиктер Австриянын жогорудагы негизги саясий партиялары жалгыздап парламенттик көпчүлүктү камсыз кыла албасын, өкмөт куруу үчүн аларга үчүнчү орунга чыккан партиялардын бири менен коалиция түзүүгө туура келээрин айтышууда. Үчүнчү орунду алууга кайра эле ашынган улутчул Эркиндик жана Жашылдар партиялары талаптанып жатат. Сурамжылоолор боюнча Эркиндик партиясы 11-13% га чейин, ал эми Жашылдар партиясы 12% добуш алышы мүмкүн. Улутчул Эркиндик партиясынын аброю соңку кездери төмөндөп бара жатканын эске алганда, алар жогорудагыдан аз добушка ээ болуп калышы да ыктымал. 1999- жылкы шайлоо учурунда партия лидери Йорг Хайдер элдин көңүлүн өзүнүн иммигранттарга каршы чакырыктары менен буруп, анда анын партиясы 27 % добуш алган эле.
Бирок, акыркы кездери улутчулдарга карата колдоонун деңгээли азая баштаганы сезилүүдө.

Айтор, баяндамачылар мурдагыларга салыштырмалуу тынч өткөн бул жолку шайлоо компаниясы Австрияда консервативдүү Элдик партия менен улутчул Эркиндик партиясынын өкмөт түзүү үчүн кайрадан биригүүсүн же Социал-демократтар менен Жашылдар партиясынын коалициясын алып келет деп болжолдошууда. Ошондой алар шайлоонун соңунан негизги атаандаштар: Элдик партия менен Социал демократтар өз ара биригээрин да жокко чыгарышпайт. 2000- жылга чейин он үч жыл бою аталган эки саясий партия Австрия өкмөтүн чогуу башкарып келишкен.

Быйылкы шайлоо компаниясы учурундагы саясий дебаттарда да жумушсуздук, салматтыкты сактоо чөйрөсүн реформалоо, иммигранттар маселелери басымдуулук кылды.

XS
SM
MD
LG