25-ноябрда Кыргызстанга инвестицияларды тартуу боюнча экинчи матрицанын аткарылышына арналган өкмөттүк жыйын болду. Анда Премьер министр Николай Танаев экинчи матрицаны ишке ашыруу мөөнөтү 30-ноябрда аяктайт жана ага чейин бардык министрлик, мекемелер өз милдеттерин так аткарууга тийиш деп эскертти. Жыйында айтылган маалыматка караганда, экинчи матрицада белгиленген 32 пункттун 30у ишке ашат деген ишеним бар. Бирок, аны ишке ашырууга негиз берчу 17 мыйзамдын 8и Жогорку Кеңештин кароосунда жатат. Ал эми үчүнчү матрицанын долбоорун экономикалык консультациялык кеңештин мүчөлөрү 9-декабрдан 14-декабрга чейинки жыйында талкуулашат.