Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

АКШ менен Кыргызстандын экономикалык кызматташуусу өнүгөт.


Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык кеңешмелер мындан ары ар дайым өткөрүлөт. Бул 20-ноябрда Кыргызстан АКШнын ортосунда Вашингтондо кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө белгиленди-деп билдирди 25-ноябрда Кыргызстандын экономикалык делегациясынын АКШдагы сапарына арналган маалымат жыйынында вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев . Анын маалыматына караганда, кыргыз-америка экономикалык кеңешмеси эмки жылы Бишкекте болот. Ал эми кыргыз делегациясы АКШда болгон кезде АКШлык жетекчилердин көңүлүн Кыргызстан кредиттик долбоорлорду чет элдик консультанттардын жардамысыз эле ишке ашырууга жарамдуу болуп калгандыгына жана бул жергиликтүү адистерди даярдоого зарыл экендигине бурду –деген Жоомарт Оторбаев АКШ 2002-жылы Кыргызстанга бере турган экономикалык жардамынын көлөмүн 90 миллион долларга жогорулаткандыгын жана жакын арада АКШнын «Алка» аттуу корпорациясынын эксперттери Кыргызстанга келип, калай иштетүүчү ишкана куруу жагдайларын иликтейт-деп кабарлады.

XS
SM
MD
LG