Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Таласта төө буурчак чыры басылбай жатат.


Таласта өстүрүлгөн төө буурчакты сатып,өткөрүү проблемасын Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов өз шайлоочулары менен талкуулады. Жолугушуу 1-декеабрда Кызыл –Адырда өтүп, ага 500гө жакын адам жана губернатор Кеңеш Карачаловдон башка аткаруу бийликтин бардык жетекчилери катышты. Шайлоочулар Таластан «Робин» фирмасы кетсин, анын финансылык жана криминалдык жаңжалдарын аягына чыгаруу үчүн депутат Шерниязов сессияга барбасын, төө буурчактын баасы 15 сомдон кем болбосун, чет элдик башка фирмаларга бут тосулбасын деген талаптарды коюшту. Чырга айланып бараткан маселени депутат Шерниязов менен бирге иликтөө үчүн курамы 20 адамдан турган штаб түзүлүп, анын төрагалыгына жазуучу Элүүбай Отунчиев шайланды. «Робин» фирмасынын жетекчилиги болсо аларга көрсөтүлүп жаткан кысымга жооп кылып, областтагы бардык кабыл алуу пункттарын 2-декабрдан баштап белгисиз мөөнөткө жабабыз деген шарт койгондугу маалым болду.

XS
SM
MD
LG