Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

«Калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук бирикменин» Нарын облустук бөлүмү пенсия жана жөлөк пул алуучуларга багытталган үндөө кабыл алды.


2-декабрда аталган бирикменин башчысы Жанабил Абдырахмановдон алынган маалымат боюнча Нарын облусундагы көпчүлүк пенсионерлер жана жөлөк пул алуучулар социалдык төлөмдөр акчалай эмес, натуралай берилип жатышына нааразылык билдиришүүдө.Кабыл алынган үндөөдө пенсия жана жөлөк пулдардын кечиктирилбей төлөнүшү, эгер кечиктирилсе 0,15% өлчөмүндө айып төлөнүшү талап кылынган. Ушундай эле маанидеги ачык кат жакында эле Нарында облусунда атайын иш сапар менен болгон Мыйзам чыгаруу жыйынынын төргасы Абдыганы Эркебаевге да жиберилген.

XS
SM
MD
LG