Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

ЕККУ ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ КЫРГЫЗСТАНДА.


Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын делегациясы 2-декабрда расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Финляндия парламентинин конституциялык комиссиясынын башчысы Паула Кокконен айым жетектеген делегацияны Кыргыз президенти Аскар Акаев кечинде журналисттердин катышуусуз кабыл алды. Делегация ага чейин кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице-пермьер министри Курманбек Осмонов, кош палатанын төрагалары Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев жана оппозициялык маанайдагы парламентарийлер менен жолугушуп, кеңири пикир алышуу болду. Кокконен айым жолугушууларда өздөрү кыдырып чыккан Латвия, Грузия Армения, Азербайжан, Украина өңдүү ЕККУнун кеңселери жайгашкан өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанга да демократиялык өнүгүүнүн, адам укуктарынын, коопсуздук маселелелеринин жагдайлары менен таанышуу максатын көздөп келгендигин белгилеп: «Силердин өлкөгө жасаган бул визит бизге Конституцияны өзгөртүүгө байланышкан маанилүү жараян кандай өтүп жаткандыгын көрүүгө мүмкүндүк берет » деп билдирди.

Жолугушуулар негизинен суроо-жооп иретинде өтүп, биринчи вице-премьер, кош палата төрагалары Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн оң жана терс жактарына токтолушту. Алар Кыргызстан Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму сап кармаган демократиялуулук, адам укугун сактоо жана коопсуздук маселелерине айрыкча маани берип жаткандыгын белгилешти. Башка постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу демократиялык өнүгүү багытында алдыга бараткандын далили катары тараптар «Омбудсмен жөнүндөгү», «Митинг, жыйын, көчө жүрүштөрүн өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү» мыйзамдардын кабыл алынышын, Глобалдуу Тоо саммитин, донор өлкөлөрдүн Бишкек жолугушуусун, эң негизгиси - Конституциялык реформаны аташты.

Бирок, парламентте болгон жолугушууда оппозициялык маанайдагы парламентарийлер конституциялык реформа маселеси Кыргызстандын чыныгы демократиялык жол менен өнүгүшүнө негиз болуп бере албай тургандыгына токтолушту. Кокконен айымдын суроосуна депутат Проненко мындай жооп берди: «Менимче, Конституцияга байланыштуу азыр болуп жаткан нерсе - биздин бийликтин оюну. Өзгөртүүлөр негизинен бийликтин милдеттерин гана карап жатат. Граждандык коомдун укуктук маселелери каралган жери жок».

Биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов менен жолугушуу учурунда Кокконен айым юстиция министри Данияр Нарынбаевдин кызматтан алынышынын себебине кызыкты. Осмоновдун айтуусуна караганда, юстиция министри Кыргызстандагы «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо кыймылы» өңдүү оппозициялык маанайдагы топтор тарабынан уюшулган өлкө ичиндеги бейтартиптикке өз баасын бербей койгондугу үчүн премьер министрдин сунушуна ылайык бошотулган. «Өкмөттүн негизги органы катары саналган юстиция министрлигинин башчысы ушундай окуяга учурунда эч кандай баа берген жок. Байкоочулук ыңгайда турду. Ошондуктан, бизге мындай байкоочу министрдин кереги барбы-жокпу деген суроо туулду», - деди Осмонов. Ал ошондой эле оппозициялык саясатчылар Акаевди кызматтан кетирүү эле эмес, бийликти мыйзамсыз кулатуу аракетин жасашкандыгын белгиледи.

Ал эми мыйзамчы-депутат, «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо кыймылынын» башчысы Исмаил Исаков Конституциялык реформа маселесинде оппозиция менен президенттин пикирлери келишпей калганын, оппозициянын долбоору кабыл алынбай калганын белгилеп, бийлик азыр бардык кемчиликтер үчүн оппозицияны айыптоодо деп билдирди. Анын айтышынча: « Эң опурталдуусу - Ишенбай Кадырбеков айткандай, жаңы конституцияга өзгөртүүлөдү, түзөтүүлөрдү талкуулоону көздөп жаткан үчүнчү курултайга тыюу салышты. Натыйжада биз жана президент сунуш кылган долбоорду эл менен талкуулай албай койдук. Тыюу салуу менен кошо Кыргызстандагы азыркы кырдаалга бизди айыпкер деп эсептеп жатышат» дейт Исаков.

Депутат Ишенбай Кадырбеков түшүндүрмө берүү зарылдыгы жок фактыларды айтаарын эскертип, буларга токтолду. «Биздин демократиялык өлкөдө депутаттар камалды, жүздөгөн адамдар ачкачылык жарыялап, алардын бири өлдү, өз оюн айткысы келген адамдарга ок атылды, 6 киши өлүп, жүздөгөн адам жарат алды. Республикалык курултай өтүү аракетине бийлик тарабьнан тыюу салынды. Башка региондон келген делегаттар депортацияланды. Бизде чет өлкөлүк эмес, өз жарандар депортацияланды. Азыр сессияда айткан көз карашы үчүн депутаттар кылмыш жообуна тартылып атат». Депутат Кадырбеков ошондой эле аткаруу бийлиги бардык иштер боюнча депутаттарды айыптап, айрым депутаттардын ысымдары аталып жатканын, парламентти таратуу үчүн кол чогултууга киришкенин белгиледи. Ал эми Конституциялык реформаны парламентти болуп жаткан мыйзамсыз окуялардын бет пардасы деп атады.

ЕККУ уюмунун өкүлдөрү иш сапарынын алкагында 3-декабрда «Кыргызстанда конституциялык реформанын жүрүшү» аттуу тегерек үстөлгө катышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG