Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

«МИР» ТЕЛЕРАДИОКОМПАНИЯСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ФИЛИАЛЫ ЖАНЫ ПРОГРАММА ДАЯРДАП ЖАТАТ.


КМШдагы мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы улуттук филиалы «Шериктештик» аттуу 10 сааттык өз программасын эфирге чыгарууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу 3-декабрда телерадиокомпаниянын директору Закон Күрүчбеков кабарлады. Анын маалыматына караганда,бул компанияны ар дайым кыйнап келген каражат булагын табуу жана калктын алдында өз алдынча телекомпания катары таанытуу үчүн жасалууда. Анткени, 10 жыл мурда КМШдагы мамлекеттердин чечими менен түзүлгөн компания жылына 130 сааттык гана телепрограмманы эфирге чыгарып,көрсөтүүлөрүн КТР,КООРТ телеканалдары, уктурууларын Россиянын «Маяк» радиосу аркылуу угузуп келет. Ал эми жаңы программаны эфирге чыгаруу үчүн «Мирдин» спутниктик антеннасы жана лицензиясы бар.

XS
SM
MD
LG