3-декабрь, шейшемби күнү жарык көргөн «Агым» жана «Моя столица» гезиттеринде юстиция министри катары алты ай иштеген Данияр Нарынбаевдин күтүүсүздөн кызматтан алынгандыгынын себептери божомолдонот.
3-декабрдагы «Агым» гезитинде Жолдошбек Зарлыкбеков «Россия Думасы июлда кабыл алган «Россия Федерациясынын аймагындагы чет өлкөлүк граждандардын укуктары жөнүндөгү» Мыйзамы ишке кирип, Россияда эмгек мигранттары болгон 500 миңдей кыргызстандык атуулдардын 80 миңинин гана документтери жайында болсо, калганы кордук көрүп жаткандыгын, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тим олтурганын, премьер-министр Николай Танаев эки өлкө ортосундагы келишим келээрки жылдын апрелинен ары болот деп тил эмизгенин» жазат. Мына ушул маселе «Моя столица» гезитинин 3-декабрь күнү жарык көргөн жаңы санындагы Рина Приживойттун Адахан Мадумаров менен болгон маегинде да айтылат.
«Агым» гезитинин 3-декабрдагы санында Алым Токтомушевдин «Салык –саан уй. Өлүмсөк уйду желинге койгулаган өкмөт» деген аналитикалык макаласы жарык көрдү. «Айрым адистердин эсебинде, республика салык жыйымынын 25-30%ин бере турган ишканалар, бизнес тармагы «политүйбүлө» менен күйөө баланын колунда, алар казынага түшпөйт түшсө да жарытпайт. Салык базасына салым кошчу калган ишканалардын көпчүлүгүнүн «СЭЗ» деген каргысы бар. Эркин экономикалык аймактан мыйзамдуу түрдө салык алынбайт», деп жазуу менен Алым Токтомушев казынага түшпөй жаткан 7 миллиард сомдун себептерин талдоого алат. «Президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин көзөмөлүндө турган «Кайыңды кант заводу», спирт өндүрүүчү «Бакай» акционердик коому, «Кыргыз алко» корпорациясы, «Вечерний Бишкек» гезити, Канттагы цемент –шифер заводу, «Инвестпроект институту», өзбекстан газына ортомчу «Азияинтертранс» фирмасы, Казакстандан көмүр ташуучу «Феликс интерпрайс» фирмалары, авиокеросин бизнесинин «Аалам» сервис жана башка ишканалары салык төлөбөйт же төлөсө да жарытпай жатат» дейт Алым Токтомушев.
«Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттери 3-декабрдагы жаңы санында президент Аскар Акаевдин Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы жумушчу сапары ийгиликтүү болгондугун жазышат. «Аскар Акаев Аксы окуясына өзүнүн да күнөөсү бар экенин жашырбады. Бул ачуу сабак айыкпас жара болгонун ачык айтты» деп «Слово Кыргызстана» гезити баса белгиледи.
Өкмөттүк массалык маалымат каражаттары Салижан Жигитовду кескин сынга алышууда. «Слово Кыргызстана» гезити «Руханий жардылык же руху жардылык» деген көлөмдүү коллективдүү макалада Салижан Жигитов сөз эркиндигин ашкере пайдаланып жаткандыгын жазышат.
«Кыргыз туусу» гезити 3-декабрдагы жаңы санында Папан Дүйшөнбаевдин «Акаев жана оппозиция» деген абдан көлөмдүү макаласына орун берди. Анда оппозицияга жеңил баа берилип, «өздөрүн оппозициядабыз деп эсептегендер азырынча бийликти сынга алышып, ультиматумдук талаптарды койгондон башка эч кандай конструктивдүү сунуштарды киргизе элек» деп, оппозициянын иштиктүү сунуштары туурасында соз козголгон эмес.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов «Аксылыктардын талабы аткарылбай дагы узара берсе өлкөдө митинг, пикеттер күчөп, абал ого бетер оордойт. Мындан Акаевдин бийлиги алсырайт. Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү Акаев отставкага кеткенде гана толук ачыкка чыгышы мүмкүн» деп айтып, азыркы кырдаалга баа берген маеги «Аалам» гезитинин 4-декабрда чыкчу жаңы санында даярдалып жатат.
«Курултай Кыргызстанда өтпөсө Казакстанда өтөбү» деген Элнура Кулуеванын макаласы «Ааламда» жарыяланганы турат. Мында элдик курултайды өткөрүүнүн 3 варианты анализге алынып, «курултайды Бишкекте жашыруу өткөрө алышпайт. Экинчиси – Ошто өткөрүүгө бийлик улуксат бербейт, үчүнчүсү – Казакстанда өткөрүүгө мүмкүн да эмес. Ошентип, элдик курултайды бийлик өткөртпөйт» деп тынчсызданат Элнура Кулуева.
3-декабрда «Республика» гезитин окурмандар колго алышты.» Анда «Эркиндик» партиясынын саясый кеңешинин төрагасы Топчубек Тургуналиев-«демократия жана граждандык эркиндикке кимдер коркунуч туудуруп, элдин биримдигине кимдер доо кетирип, мамлекетүүлүккө шек келтиргендер жөнүндө» чындыкты жарыялады.