Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

НАТОнун БАШ КАТЧЫСЫ ДЖ. РОБЕРТСОН МАКЕДОНИЯ МЕНЕН АЛБАНИЯГА БАРЫП, АЛАРДЫ УЮМГА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛДОРУН СҮЙЛӨШТҮ.


Баян Жумакадыр кызы, Прага Өткөн аптанын соңунда НАТОнун баш катчысы Джордж Робертсон Македония менен Албанияда иш сапары менен болуп, өлкөлөрдүн жеткчилиги менен бул өлкөлөрдүн НАТОго кабыл алынуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сүйлөштү. Джордж Робертсон Албания, Македония жана Хорватиянын аскердик жааттагы кызматташуусу, өлкөлөрдүн НАТОго кабыл алынуусуна карай дурус даярдык боло тургандыгын баса белгиледи.

Өткөн аптанын соңунда Скопьеде Македониянын премьер министри Борис Трайковский жана андан соң Тиранада албан премьер-министри Фатос Нано менен болгон жолугушууда НАТОнун баш катчысы Македония, Албания жана Хорватиянын өз ара аскердик кызматташуу демилгесине жогору баа берип, бул өлкөлөрдүн саясий жана аскердик реформаны жүзөөгө ашыруусуна жана регионалдык коопсуздукту бекемдөөгө олуттуу салым кошо турганын баса белгиледи. «Үч өлкөнүн ортосундагы кызматташуу НАТО менен Европа Биримдигине жана бүткүл эл аралык коомчулукка, бул өлкөлөр бардык маселелерди кызматташтык аркылуу жөнгө салууга ниеттүү экенин айгинелөөдө»,- деди Робертсон.

Тиранада болгон жолугушууда Албаниянын премьер-министри Фатос Нано учурда интенсивдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан аскердик кызматташтык келишими 2003-жылдан баштап күчкө кире турганын айтты. «План боюнча Албания, Македония менен Хорватия саясий жана аскердик тармакта кызматташып, регионалдык коопсуздукту бекемдөө боюнча биргелешкен иш чараларды турмушка ашырышат»,- деди албаниялык премьер.

Европа Биримдигине интеграциялануу жана НАТОго кирүү максаты менен өз ара аскердик кызматташтыкты өөрчүтүү идеясы ноябрь айында НАТОнун Прага шаарында өткөн саммитинин алкагында аталган үч өлкөнүн президенттери менен АКШнын мамлекет башчысы Джордж Буштун жолугушууларынын жүрүшүндө биринчи жолу ачыкталды. НАТО Албаниядан аскердик жана саясий реформаларды ыкчамдатып, куралдуу күчтөрүн жогорку сапаттык деңгеелге көтөрүүсүн талап кылууда. Жума күнү болгон жолугушуунун жүрүшүндө НАТОнун баш катчысы чек аралардын коопсуздугун бекемдөө проблемасын айрыкча бөлүп көрсөттү. «Азырынча кылмышкерлер региондо өздөрүн ээн-эркин сезишет. Чөлкөм чек араларын карапайым кишилердин каттоосу үчүн ачык кылуу, ошол эле маалда, бул маанилүү тилкелерди кылмышкерлердин кыймылына ишенчиликтүү бөгөт койо алгыдай кылып, бекемдөөгө көмөктөшүү - биздин негизги максат болмокчу. Кылмыштуулукка биргелешип бөгөт койо алсак, региондун өнүгүүсү үчүн өтө жагыштуу шарт түзгөн болор элек», – деп билдирди Робертсон.

Регионалдык аскердик кызматташтык маселелерин сүйлөшүү үчүн Робертсонго чейин эле Тиранага Македониянын премьер-министри Трайковский келип кеткен. Бул Македония өкмөт башчысы менен Албания жетекчилигинин Македониянын козголоңчул албандары менен өкмөттүн ортосундагы тынчтык келишимге кол коюлгандан берки, алгачкы жолугушуусу болду. Белгилүү болгондой, Македонияда 2000-жылдын соңунда башталган албан козголоңу, өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын жарым жылдан ашуун убакытка созулган салгылашууларынан кийин, 2001- жылы тынчтык келишимине кол койуу менен басылган. Европа Биримдигинин кысымы астында козголоңчулар менен сүйлөшүүгө макул болгон Македония, муну менен өтө курчуп турган этностор аралык талашты сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу мүмкүн экенин ырастады жана ички саясий проблемасын жөнгө салган соң, стратегиялык жактан маанилүү кошуналар менен натыйжалуу кызматташууга жол ачты. Македониянын, Албаниянын жана Хорватиянын өз ара аскердик кызматташуусу буга айкын мисал боло алат.

НАТО нун жетекчиси Македония менен Албанияга Прага саммитинен бир жума өткөндөн кийин барды жана анын Скопье менен Тиранадагы сүйлөшүүлөрү - бул өлкөлөр НАТО үчүн стратегиялык жактан маанилүү экенин, демек, бир нече жылдан кийин, аларды НАТОго кабыл алуу маселеси күн тартибине коюлушу ажеп эмес экенин айгинелейт.

XS
SM
MD
LG