Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

ОРУСИЯЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ЧЫККАН МАТЕРИАЛДАРДЫН КЫСКАЧА МАЗМУНУ.


Мураталиев Муса, Москва

Мурунку аптада жарык көргөн орус гезиттериндеги макалалар арасында АКШ генералы Майерстин Кыргызстанда болуп кетиши, Прагада өткөн НАТО саммитинде президенттерге берилген рейтингдер, «Камеко» компаниясынын Кыргызстандан кетип жатышы, Жалал-Абад менен Волгоград областтарынын ортосунда жаңы байланыш ж.б. маалымат кабарлар жарык көрдү.

Кыргызстанда АКШнын генералы Ричард Майерс болуп, президент Аскар Акаев менен сүйлөшүү өткөрүп кеткени туурасында «Коммерсант» (25.11.02) жазат. Генералдын айтканына караганда, Ооганстан жеринде операцияларды өткөрүүдө Кыргызстан «ишенимдүү өнөк» боюнча калат. Америкалык аскерлер «чет өлкөлүк террорчуларды жок кылууга канча убак керек болсо, ошончо убакыт бою» Ганси базасында да кала берет. Ошол эле учурда Акаев, Кыргызстанда чет элдик аскердин бардык маселеси биргелеш коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр, биринчи кезекте, Орусия менен «сөзсүз макулдашылышы керек» деген.

Америкалыктардын Орто Азияда болушун колдоого алгандыгы үчүн Өзбекстан менен Кыргызстанда болуп аткан адам укугун басмырлоону НАТО кечирди деген шаанидеги макаланы «Континент» жума күнкү санында басты. Макалада «Прагада өткөн НАТО саммити жаңыдан мамлекеттикке жетишкен мурдагы советтик республикалардын жетекчилеринин «цивилизацияланышынын» рейтинг-баасын көргөзүп койду», деп жазат автор. «Европалыктар жалпы үйүнө киребиз деген үмүт менен умтулушкан президенттер кимиси ким экендигин билдирип койду. Эң башында-Балтика боюндагы өлкөлөрдүн лидерлери турушат. Президент Буш мындан ары «силерге ким жоо болсо - ал биздин да жоо», - деп Латвиянын президенти Адамкуска убада берди. Андан кийинки президент деп Шеварднадзени эсептесе болот. НАТОго Грузия өзгөчө программа менен кошула алат деп Прагада ага убада берилди.

«Цивилизацияланышы» начар баага Орто Азиялык жумурияттардын президенттери татыктуу болгон. Ал өлкөлөрдө Түндүк Атлантикалык альянстын базалары жайгашпаганда алардын баасы мындан да төмөн болмок. Америкалык аскерлер келгенден тартып Өзбекстан менен Кыргызстан лидерлери – Каримов менен Акаев – адам укугун тебелеп-тепсеп жатышын алар кечиришти», деп жазат Сергей Обухов.
Алтын казып алып жаткан «Камеко» компаниясы кийинки жылы Кыргызстандан кете тургандыгын «Время Новостей» (27.11.02) гезити жазат. Компания кетип жатып Кыргызстан жана Монголияда алтын алып аткан жерлерде өзүнө тийешелүү бoлyгyн сата тургандыгы кеп болгон. Мунун себебин анализчи Сезар Брайан комапниянын алтын өндүрүү боюнча өндүрүшү кайсы бир себептер менен жолу болбоо тилкесине кабылышынан улам деп түшүндүргөн. Ошол эле жерде Камеко алтын өндүрүүдөн таап жаткан кирешеси компаниянын жалпы кирешесинин 9,5 пайызын түзүп жатканы да көргөзүлгөн. Ал эми асыл зат наркы рынокто 1977-жылдан берки мөөнөттү эске алганда абдан кымбат баага жеткен.

Волгоград калаасында чыгуучу «Деловое Поволжье» (27.11.02) мурдагы советтик республикалар рыногун кайра бириктирүү аракетин областын жетекчилиги жасап аткандыгы туурасында жазат. Ошол себеп болуп губернатор Николай Максюта жетектеген делегация Кыргызстанга жөнөп кеткен. Делегациянын курамында ири өнөр жай объектилери : «Волга» түтүк куру заводунун, «Химпром», мунайзат компания «VIPОIL», Волгограддык трактор куруу заводу, Камышиндик пахтадан кездеме токуу комбинатынын жетекчилери бар экени айтылат. Алардын Кыргызстанга бара жатышы ал жактан иштетүүгө чийкизат алып, Волгоград областы тоолуу өлкөгө химиялык жер семирткичтер, трактор ж.б. техника жөнөтө тургандыгы айкын болот.

Ошондой эле бүгүнкү баяндамага кирбей калган макалалар арасында: Кыргызстанда уланып жаткан саясий кризис туурасында макалалар, түштүктөгү эки кыштактын эли «бизди Орусияга кошуп ал» деп Путинге даттанып кат жазышы, Москвада өткөн Шанхай уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министирлеринин жолугушуусу, АКШ Мамлекетик департаменти таркаткан Борбор Азия мамлекеттери боюнча Американын жүргүзүп жаткан саясаты, 1-декабрдан тартып четке чыгарып сатууда мунай зат наркын ар тоннасы үчүн $ 29,8 баалап сата тургандыгын, ал эми Бажылык Биркмеге кирген төрт өлкө үчүн (анын бири Кыргызстан) ал баа $ 26,2 тураaры туурасында Орусия өкмөтү жарыя кылган маалыматтар бар.
XS
SM
MD
LG