Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА


5-декабрь күнү «Слово Кыргызстана», «Моя столица», «Кыргыз Ордо», «Общественный рейтинг», «Вечерний Бишкек», «Кыргызстан маданияты» гезиттери окурмандардын колуна тийди.

5-декабрь күнү ''Слово Кыргызстана'',''Моя столица'',''Кыргыз ордо '',''Общественный рейтинг'',''Вечерний ишкек'',''Кыргызстан маданияты'' гезиттери окурмандардын колуна тийди.

«Слово Кыргызстана» , «Кыргыз ордо», «Вечерний Бишкек» гезиттери Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапары, анда каралуучу маселелер жөнүнө жазышты. Бул расмий жолугушуу эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, аскер-техникалык кызматташуусун дагы тереңдетээрин баса белгилешти. Айрыкча «Слово Кыргызстана» жана «Вечерний Бишкек» гезиттери 5-декабрдагы санында орус-кыргыз мамилелерине арналган 3 беттен турган макалалардын түрмөгүн жарыялады. «Биз түбөлүк биргебиз», «Россия-биздин таңыбыз», «Достукка кол беребиз», «Биздин чөйрөдө», «Путиндин Евразия теориясы», «Чыгышка жүрүш» деген макалалары Орусия-Кыргызстан кызматташуусуна, президент Путиндин расмий сапарына арналды. Кыргызстандын асманында орусиялык ИЛ жана СУ самолеттору пайда болгону, алардын техникалык мүнөздөмөсү, Орусия-Кыргызстан аскер кызматташуусу жөнүндө «Слово Кыргызстана» гезити көлөмдүү макалаларды жарыялады.

Ал эми «Кыргыз ордо» гезити 5-декабрдагы жаңы санындагы «Кош стулга олтуруу кокуйлатпайбы» деген макаласында Россиянын аскер күчтөрүнүн Кыргызстанга келишинин терс таасирлерин да жазды. «Белгилүү болгондой, КМШ айдыңындагы лидерлер чыныгы демократияны куруу эмес, демократия оюнун көбүрөөк ойноодо. Ошондуктан Россиянын Кыргызстанга келиши Аскар Акаевдин режиминин бекемделишине алып келет» деп жазат А.Акматов.

«Кыргыз ордо» гезити «Ордо оюндары» деген рубрикада «Акаевдин мураскери Оторбаевби» деп суроо коюп, жооп издейт. «Акаев Ельциндин вариантын колдонуп, былыгын чукубаган өз мураскери Жоомарт Оторбаевди ордуна коюшу толук ыктымал», деп жазат Жээнбек Суранчиев. Ушул «Кыргыз ордо» гезити «Келээрки президент кайсы уруудан болот» деп дагы суроо коюп, макаланын автору Женишбек Абдылдаев бул жолу түштүк лидерлери жөнүндө сөз кылат.

«Кыргыз ордо» гезити Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун «Президентти акыркы мөөнөтүнө жеткиришпейт» деген темадагы кеңири маегин жарыялады. «Президентке чыныгы дили менен берилген адам жок калды. Берилген адамдарды чекесинен өзү тазалады», дейт Ишенбай Кадырбеков Калил Жамгырчиевге берген маегинде.

5-декабрдагы «Моя столица» гезитине Эламан Кыргызбаевдин «Саясий эрктүүлүк керек» деген макаласында Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин ишмердүүлүгү талдоого алынат. Макалада Эламан Кыргызбаев «Коопсуздук Кеңеши өз милдетин толук аткара албай жатканын» айтып, иштиктүү сунуштарын ортого салат.

5-декабрда «Общественный рейтинг» гезити «Эл үнү» партиясынын жаңы шайланган курамы менен окурмандарды тааныштырды.
Бул гезит адаттагыдай эле Кыргызстандагы 100 саясатчынын рейтингин жарыялады. Мында Турсунбай Бакир уулунун, Николай Танаевдин, Үсөн Сыдыковдун, Эсен Топоевдин, Курманбек Бакиевдин рейтинги өскөндүгү, ал эми Данияр Нарынбаев, Амангелди Муралиев жана Чолпон Баекованын рейтинги төмөндөгөнүн билдирет.

5-декабрда «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын 12-саны жарык көрдү. Мында Чоюн Өмүралиевдин «Теңирчилик – байыркы гана эмес, дайымкы дүйнө тааным» деген көлөмдүү макаласы басылды.

6-декабрда чыгууга даярдалып жаткан «Агым» гезитинде «Жолбүгүн» рубрикасында Алым Токтомушев куугунтук жедик деп догурунгандар жөнүндө жазат. Өкмөттүк басма сөздө профессор Салижан Жигитов сынга алынып келсе, ал өзү «Агым» гезити аркылуу ойлорун чечмелеп, жооп берди. «Чындык улутчул болбойт,универсал болот», дейт Салижан Жигитов.

Кыргызстандын юстиция министри Данияр Нарынбаев эмне себептен кызматтан алынгандыгын биринчи вице-премер Курманбек Осмонов «Агымдын» кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбековго берген маегинде айтып берет. «Ал юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарына кирген масслелер боюнча тиешелүү функцияларын өз учурунда так аткарбады. Байкоочу катары ар түрдүү пикирлерди айтты. Ошон үчүн кызматтан алынды» дейт Курманбек Осмонов.

«Заман Кыргызстан» гезитинин жаңы саны 6-декабрда чыкмакчы. Мында Азербайжандын президенти Гейдар Алиевдин маеги, Атыф Аланын «Кыргызстан аскердик базага айланууда» деген малаласы жарык көрмөкчү. Ал эми «Аптанаама» рубрикасында Абдыкерим Мурат кыргыздардын Россияга көчүп кеттүү маселелери жөнүндө сөз кылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG