Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 21% жогорулады.


Бакыт Аманбаев

2002-жылдын соңку тогуз айында Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырганда 21% жогорулап, 132 миллион долларды түзгөн. Анын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын Свердловск обласынын ортосундагы соода жүгүртүү эки пайызга өскөн. Бул тууралуу 5-ноябрда Свердловск обаласынын губернатору Эдуард Россель өкмөт башчы Николай Танаев менен жолугушканда маалымдады. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, үстүбүздөгү жылы Свердловск обласы менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүртүүнүн көлөмү 2 миллион 633 миң долларды түзгөн. Кыргызстандан үстүбүздөгү жылы Свердловск обласына 749 миң доллардык баадагы товар чыгарылып, аталган областан 1 миллион 883 миң доллардык товар ташылып келинген. Эдуард Россель Кыргызстанга президент Владимир Путиндин иш сапарынын алкагында 4-декабрда келген.

XS
SM
MD
LG