Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Еврокомиссиянын башчысын мындан ары Европарламентте шайлаган абзел.


Еврокомиссиянын азыркы жетекчиси Романо Проди азыр Брюсселде Европанын келечектеги реформалары үстүндө иштеп жаткан конвентке ушундай сунуш киргизди. Ушундай шартта гана Еврокомиссиянын башчысы, Продинин сөзү боюнча, Евросоюзга кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө көз каранды болбойт. Проди мындан тышкары союздун тышкы иштер министрин дайындоону, Еврокомиссияга жана Европарламентке кеңири укуктарды берип, коргоо иштеринен башка бардык тармактарда мунаса жолу менен чечим кабыл алуу процессин алып салууну сунуш кылды. Продинин бул сунуштары шаркетти
реформалоо боюнча бир катар өлкөлөрдүн, өзгөчө Франциянын, Британиянын жана Испаниянын позицияларына карама-каршы келет.

XS
SM
MD
LG