Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

АКШ Ирак президентинен массалык кыргын салуучу куралы жоктугун далилдешин талап кылууда


ВАШИНГТОН. АКШ «Ирактын президенти Саддам Хуссейн анын өлкөсү массалык кыргын салуучу куралга ээ эмес экенин далилдеши керек» деп билдирди. Ак Үйдүн өкүлү Ари Флайшер : «Ушул аптанын соңунда Бириккен Улуттар Уюмуна куралдары жөнүндөгү декларациясын жиберүү менен Саддам Хуссейн анын өлкөсү массалык кыруучу куралдарга ээ эмес экенин далилдөө тийиш. Ал бул документте анын эмне деп айтары бизди өтө кызыктырат. Эмне дээрин көрө жатабыз» деп билдирди. Ирак ушул ишембиде химиялык, биологиялык куралдарынын жана ракеталарынын тизмесин БУУга жөнөтө турганын билдирет. Ал массалык кыруучу куралга ээ эмес экенин айтууда. Бирок Ари Флайшер Иракта андай куралдар бар дегенге АКШда толук негиз бар экенин айтат.

XS
SM
MD
LG