Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:58

Коопсуздук Кеңешинин катчылары Бишкекте жолугушат


БИШКЕК. 10-11-декабрда Бишкекте Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн Коопсуздук Кеңештеринин катчылар Комитетинин кезектеги бешинчи жыйыны болот. Бул тууралуу Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчылыгы маалымат таратты. Анда көрсөтүлгөнгө караганда, отурумда Ирактын айланасындагы кырдаал, Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо жана Жакынкы, Ортоңку Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кызматташтык маселелери талкууланат. Мындан тышкары КМШ мамлекеттеринин антитеррордук борбору менен Коллективдүү коопсуздук келишиминин кызматташтыгынын багыттары тууралуу сөз болот. Отурумга уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчылары катышат, ал эми байкоочу катары Украина, Молдова, Грузия жана Азербайжан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG