Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

СПОРТ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-ОРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫ КҮЧ АЛУУДА


Кыргызстандын бийик тоолоруна кызыгып, тоо лыжа спортун өнүктүрүү демилгесин Россиянын Президенти Владимир Путин сөз кылган. Кыргызстандын Президенти Аскар Акаев да тоо лыжасы менен машыгып, бош убактысында тоодон лыжа тепкенди жактырат. Бирок, он жылдан бери тоо лыжа базасын куруу демилгеси колдоого алынган эмес. Жакшы шарт түзүлбөй, камкордукка алынбагандыктан кыргыз жергесинен орус тилдүү спорт адистери , спортсмендер чет өлкөлөргө да кетип калышууда. Ал түгүл Орусиянын олимпиадалык курама катарына кирген мурдагы Кыргызстандык спортсмендер да бар.

Кыргыз жергесине расмий сапар менен келген Орусиянын Президенти Владимир Путин баштаган делегациянын курамында Орусиянын Олимпиадалык Комитетинин төрагасы Леонид Тягачев да болду. Ал эки өкүлдүн олимпиадалык кыймылын өнүктүрүү, кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коюп, Кыргызстандын спорт базалары менен таанышып кетти.

Кыргызстан жана Орусия олиимпиадалык Комитеттеринин кызыкчылыктарын камтып, спорттук проблемаларын чечүүгө байланышкан келишимдерге Кыргызстандын Улуттук Олимпиада Комитетинин Президенти Эшим Кутманалиев да кол коюп, Леонид Тягачевду коштоп спорт базалары менен тааныштырды. Алар – спортсмендер үчүн жагымдуу бийик тоолуу ыңгайлуу шарты бар Ысык-Көлдүн жээгине биргелешип Олимпиадалык даярдоо борборун куруу үчүн, ошону менен бирге Ала-Арча капчыгайындагы Ала-Арча мөңгүсүн ылайыктап Эл аралык тоо лыжа базасын куруу боюнча макулдашууларга кол коюшту. Мындай олимпиадалык кызматташууну эки өлкөнүн жетекчилери да колдоорун билдиришти. Себеби, Кыргызстандык бийик тоолоруна кызыгып, тоо лыжа спортун өнүктүрүү демилгесин Орусиянын Президенти Владимир Путин мурда дагы сөз кылган. Мындай тоо лыжалык базаларын куруу боюнча Орусиянын Олимпиада Комитетинин Президенти Леонид Тягачевдун тажрыйбасы да жетиштүү. Анын жетекчилиги менен Москвада, Адыгей Республикасында, Камчаткада, Кабардин-Башкирияда, Кемерово жана Челябинский областарында, Красноярский крайда, Өзбекстанда тоо лыжа базалары курулган. Ошондой эле Леонид Тягачев көп жылдар бою Орусиянын тоо лыжа спорту боюнча улук машыктыруучу, Орусия спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген. Мурда дагы Кыргыз жергесинде, Ысык-Көлдө болуп, спорт базаларын курууга ылайык жерлерди көрүп кеткен. Бул жолу да Ала-Арча капчыгайында, Нооруз лыжа базаларында болуп, абал менен таанышты. Ошондой эле эки тараптуу макулдашууларда Кыргызстандын улуттук олимпиадалык командасына материалдык техникалык жабуулдардан жардам берүү маселелери да каралды.

2003-жылдын 1-февралында эки тараптуу макулдашууларды ийне жибине чейин тактап, иш баштоону белгилешти.

Бул жолугушуу жөнүндө Кыргызстандын Улуттук Олимпиада Комитетинин Президенти, шериктеш өлкөлөрдүн олимпиадалык комитеттеринин ассоциациянын баш катчысы Эшим Кутманалиев мындай деди:

- Кечээ Владимир Путин менен Аскар Акаевдин жолугушуусунда биз биринчилерден болуп эки тараптуу макулдашууларга кол койдук. Эми Ысык-Көлдүн жээгине эл аралык талаптарга ылайык олимпиадалык борбор курулмакчы. Жакында мен Москвага барып, бул келишимдерди дагы тереңдетип иштеп чыгып, талкуулап келем. 2004-жылкы Афины

Олимпиадасына биргелешип даярдык көрүү үчүн азырынча Ысык-Көлдөн бир пансионат алып, аны реконструкциялап, спорт жабдуулары менен жабдып, бассейн аянттарын куруу керек. Ал эми Эл аралык стандартка ылайык Олимпиадалык борбор куруу үчүн Аскар Акаев Ысык-Көлдөн ылайыктуу жер бөлдүрөм деди.

Чынында «колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, Ысык-Көлүбүздө Кыргызторг комитетинин бир дагы спорттук базасы жок. Ал эми коңшу Казакстан Ысык-Көлдүн жээгине спорттук база куруп жатат. Кыргызстандын тоолорунда 7-8 ай бою кар, мөңгү жатат. Тоо лыжасын өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу шарт бар. Бирок, эл аралык талапка жооп берген бир дагы тоо лыжа базасы жок.

Кыргызстандын Президенти Аскар Акаев да тоо лыжасы менен машыгып, бош убактысында тоодон лыжа тепкенди жактырат. Бирок, он жылдан бери тоо лыжа базасын куруу демилгеси колдоого алынган эмес. Жакшы шарт түзүлбөй, камкордукка алынбагандыктан кыргыз жергесинен орус тилдүү спорт адистери , спортсмендер чет өлкөлөргө да кетип калышууда. Ал түгүл Орусиянын олимпиадалык курама катарына кирген мурдагы Кыргызстандык спортсмендер да бар.

Эми Орусия Олимпиадалык комитети Кыргыз жергесине тоо лыжа базаларын курууга, колдоого алууга куштар болушууда. Мындай учурду колдон чыгарбай, кызыкчылык кылбай, кыргыз спортунун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, аракет кылуу гана керек. Кыргыз спортунун өсүп өнүгүшүндө орус калкынын таасири менен салымын танууга болбойт. Кыргыз жергесине спорттук олимпиадалык түрлөрүн алып келген жана жайыткандар да орус калкынын өкүлдөрү болгон. Спорттук байланыштын тамыры тереңде. Эми да спорттук, олимпиадалык базаларды куруу демилгенин да алар колдоого алып жатышат. Бул, жакшы жөрөлгө. Бул Кыргызстандык спортсмендердин чеберчиликтеринин өсүшүнө да өбөлгө болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG