Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Ирактын маалыматы качан талданып бүтөт?


Ирактын өз каруу-жарагы жөнүндөгү билдирүүсүн Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йоктогу баш кеңсеси жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин Венадагы кеңсеси бүгүн алышты. Ирак өлкөдө Улуттар Уюму тыйуу салган массалык кыргын салчу куралдар жок экенин ырастаган билдирүүнү ишемби күнү БУУнун Багдаддагы өкүлдөрүнө тапшырган эле.
БУУнун аскерий инпекциясынын жетекчиси Ханс Бликс шейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Ирактын 12 миң барактык билдирүүсүн талдап, чын-төгүнүн ырастоо үчүн канча убакыт керек экенин маалым кылат. «Биз, албетте, билдирүү менен токтоосуз таанышып, анын канча барагынын көчүрмөсүн алуу, канча барагын SD-ромго көчүрүү керек экенин тактайбыз жана эртең эле билдирүүнүн көчүрмөсүн алып, ишти баштайбыз», деп билдирди Ханс Бликс бүгүн Нью-Йоркто.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Мохаммед Барадейдин сөзүнө караганда, Ирак берген документтерди кылдат талдоо- согушту болтурбоого мүмкүндүк берет. «Инспекция убакытты талап кылат. Текшерүү тыйын ыргытып туруп «ырас, силер макул экенсиңер» же «жок, силер макул эмес турбайсыңарбы» деген мыңары жеңил-желпи нерсе эмес», деди Барадей бүгүн Токиодо жасаган билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG