Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Башкы Прокуратуранын өкүлү укук коргоочу Рамазан Дырылдаевге каршы кылмыш иши козголгонун жокко чыгарды


Айданбек Акмат уулу

БИШКЕК. «Ноябрь айынын башында чет мамлекетке жөнөп кеткен Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин башчысы Рамазан Дырылдаевдин Кыргызстанга кайрылып келбей жатышынын себеби, аны бул жерде камакка алуу коркунучу бардыгына байланыштуу болууда. Дырылдаевге тартип коргоо органдары 14-ноябрдагы «Аксы-Бишкек» жүрүшүн каржылаган деген айып коюуп жатканы бизге белгилүү», - деп маалымдады дүйшөмбү күнү Кыргызстан адам укугун коргоо комитенин Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Качкын Булатов. Анын айтымында, Рамазан Дырылдаев учурда Австриянын Вена шаарында өз ишин улантууда. Ал эми Кыргызстан Башкы Прокурорунун жардамчысы Сумар Насиза дүйшөмбүдө Дырылдаевге каршы эч кандай иш козголбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG