Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Каховдогу апаат. ГЭС жарылган жерде токой пайда болду

Экологдордун айтымында, Украинада акыркы жылдарда болгон эң оор апааттардын биринин орду учурда таңкаларлыктай өзгөрдү.

Украинанын Херсон облусундагы Днепр дарыясынын нугуна курулган Кахов суу сактагычы 2023-жылдын 6-июнунда жардырылган. Андан чыккан ташкын жүздөгөн калктуу конуштарды жууп, ондогон адамдын өмүрү кыйылган.

Иликтөөлөрдүн негизинде кырсыкты орусиялык аскерлер уюштурушу мүмкүн деген бүтүм чыккан. Алар муну контрчабуулга даярданып жаткан украиналык армияга тоскоолдук жаратуу үчүн суу сактагычты жардырганы айтылган. Кремль бул версияны четке кагып келет.

Кырсыктан ылдыйдагы аймактар, айрыкча айыл чарба жана айдоо аянттары олуттуу чыгым тарткан. Эки жылдан кийин ошол 4-5 метрлик суунун астында калган жерлерди мажүрүм тал жана терек каптап, токойго айланганын аймактагы "Хортица" улуттук коругунун жетекчиси Михаил Муленко билдирди.

“Мен турган жер мурда суу алдында болчу”, – деди Муленко жаш көчөттөр жыш өскөн жерди аралап баратып. - Азыр аймактын өзүнө мүнөздүү өсүмдүктөр каптап, табият баарын өзү эле жөнгө салып жатат".

Муленко суу анча жетпеген жерде да суу лилиялары өсүп жатканын кошумчалады.

"Токой чындап эле калың. Саал ары бассаң, адашып кетесиң. Жол табуу кыйын", - деди ал. Корукчунун айтымында, бул жерде флора жана фауна адамдын көмөгү жок эле жанданууда. Токой арасында жапайы жаныбарлар да жүрөт.

Жарылганга чейин Кахов аймактагы стратегиялык гидроэлектр станциясы эле, анын кыйроосу ылдыйдагы көлмөлөрдүн булганып, ууланышына алып келген. Кырсыктын масштабы чоң болгондуктан Киев Москваны "экоцидге" айыптаган.

Миңдеген балыктар кырылып, табигый чөйрөлөр бүлгүнгө учурап, жүздөгөн үйлөр суу астында калган. Азыр ошол суу каптаган аймактарга турна, көк кытан, бугу-марал, каман, кашкулак өңдүү жапайы жаныбарлардын 100дөй сейрек түрү ооп келген.

"Терек, мажүрүм талдан турган жээктеги токойлор акырындап Кахов суу сактагычынын мурдагы ордуна жылууда", - деди Муленко.

Ал биотүрдүүлүктүн өз алдынча көбөйүшү суктандырарлык экенин айтты.

"Кахов ГЭСи жардырылгандан кийин биз бул жерден өсүмдүктөрдүн кырк түрүн каттаганбыз. Өткөн жылдын соңунда алардын саны 140ка жетти".

Аймак буга чейин бир катар апааттардын күбөсү болгон. Кахов дамбасы 1956-жылы курулган. Днепр дарыясы жасалма жол 16 метрге көтөрүлгөндө мурда Великий Луг деп аталган токой-черлүү өрөөн суу астында калган. Украинада ал көлөмү жагынан алдыңкы, аянты жагынан экинчи орунда турган суу сактагыч болчу.

Днепрде дамба биринчи жолу Экинчи дүйнөлүк согушта жарылган. Биринчисин - 1941-жылдын августунда Советтер Союзунун коопсуздук кызматы (НКВД) нацисттик Германиянын чабуулун токтотуу үчүн жардырган. Мунун айынан 3 миңден 100 миңге чейин советтик жарандар жана аскерлер өлүмгө дуушар болгону айтылып келет. Дамбаны андан кийин 1943-жылы немис аскерлери артка чегинип баратканда жардырышкан.

2022-жылдын февраль айында, Москва Украинага кол салганда орусиялык куралдуу күчтөр Кахов дамбасын басып алган. Ошол эле жылы Орусия коңшусунун инфратүзүмдөрүнө чабуул коюп, башка дамбаларды да жардырып, украиналыктарды суудан өксүткөн.

Учурда жаратылыш өзүн өзү калыбына келтирип жатканы менен аймак 2023-жылдагы кырсыктын салдарынан арыла элек.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Комиссиянын баяндамасында Орусияны бул кыйроо үчүн жоопко тартуу маселеси көтөрүлгөн: “Орусиянын аракеттеринен келип чыккан апаат ондогон жылдарга уланары айдан ачык, Украина зыяндын кесепетин жоюу үчүн эл аралык колдоого муктаж”.

Техногендик кырсыктан кийин табият өзүн өзү калыбына келтирген учур буга чейин Украинанын Чернобыль аймагында катталган. 1986-жылы 26-апрелде бул аймактагы атомдук-электр станциясынын төртүнчү реакторунда жарылуу болгон. Аймактан эл көчүрүлүп, АЭСтен 30 чакырым алыстыкка чейин жашоого тыюу салынган. Кийин ээн калган жерде жапайы жаныбарлардын түрлөрү көбөйгөн. Чернобыль атомдук электр станциясын (АЭС) 2022-жылы орусиялык күчтөр басып алган.

Чернобылдагы жаныбарлар

Ак куйрук бүркүт карышкырдын тарпынын жанына конууда. Дронька кыштагы, Беларус

1/13 Ак куйрук бүркүт карышкырдын тарпынын жанына конууда. Дронька кыштагы, Беларус

Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Чернобылга жакын кооптуу аймак саналган Оревичи кыштагы, Беларус.
2/13 Чернобылга жакын кооптуу аймак саналган Оревичи кыштагы, Беларус.
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Оревичи кыштагындагы карышкыр камераны карап турат.
3/13 Оревичи кыштагындагы карышкыр камераны карап турат.
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Кароосуз калган Дронька кыштагына жакын жерде жүргөн багыш.
4/13 Кароосуз калган Дронька кыштагына жакын жерде жүргөн багыш.
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Козушки кыштагындагы үкү

5/13 Козушки кыштагындагы үкү

Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Кырсык болгон аймакка жакын жерде жүргөн түлкү.
6/13 Кырсык болгон аймакка жакын жерде жүргөн түлкү.
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Бабчин аймагындагы багыш. Беларус
7/13 Бабчин аймагындагы багыш. Беларус
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Тульговича кыштагындагы мектептин чатырына конуп отурган бүркүт.

8/13 Тульговича кыштагындагы мектептин чатырына конуп отурган бүркүт.
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.

​Дронька кыштагында жайылып жүргөн зубрлар.
9/13

Кароосуз калган аймактагы зубрлар.
10/13 Кароосуз калган аймактагы зубрлар.
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Бабчин кыштагы
11/13 Бабчин кыштагы
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Погонное кыштагындагы кундуз. Беларус
12/13 Погонное кыштагындагы кундуз. Беларус
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Кооптуу аймакта өскөн дарак коңулундагы тоңкулдак.
13/13 Кооптуу аймакта өскөн дарак коңулундагы тоңкулдак.
Чернобылдын айланасы атомдук станцияда болгон кырсыктан отуз жыл өткөнүнө карабай ээн турат. Бирок ал жердеги токойдо багыш, бугу, карышкыр ж.б. жаныбарлар кала берген. Биологиялык түрлөрдүн көбөйүп жатышы радиация аларды өлтүрбөгөнүн, жаратылыш адамдарсыз эле жашай берерин күбөлөп турат.
Артка
Алдыга

Макаланын автору "Свобода" радиосунун украин кызматынын кабарчысы Евгения Назарова.

Кыргыз тилине Санжи Туйтунова которду.
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG