Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Жалал-Абад шаарында адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата конференция болду


Ырысбай Абдраимов

ЖАЛАЛ-АБАД. 10-декабрда Жалал-Абад шаарында адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата конференция өттү. Конференцияны Америкалык юристтердин ассоциациясы, «Кыргызстандын жаш юристтери» коомдук уюму менен областтык китепкана жана жаштар комитети уюштурду. Ага Жалал-Абаддагы окуу жайлардын студенттери менен областтын укук коргоо адистери катышты. Конференцияда «Кыргызстандын жаш юристтери» бирикмесинин областтык филиалынын тушоосу кесилди. «Адам укугун коргоо боюнча соттор менен прокуратуранын, ички иштер органдары менен жергиликтүү бийликтин ролу» деген темадагы, ошондой эле жарандардын саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктары тууралуу баяндамалар окулду. Мыйзамдар аткарылбай кагазда калып жаткандыгы, адам укуктары сакталбагандыгы белгиленди. Акыйкатчы Омбудсмен жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланды.

XS
SM
MD
LG