Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Бейөкмөт уюмдар коалициясынын демилгеси менен митинг, жыйындарды Бишкекте өткөрүү маселеси талкууланды


БИШКЕК. 10-декабрда Жогорку КеңешТтин имаратында «Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында митинг, жыйындарды өткөрүү жана паспорт тартибин сактоо маселелери» деген темада «Тегерек стол» жыйыны өттү. Бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» аттуу коалициясынын демилгеси менен өткөн бул жыйынга Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, депутаттар, оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Анда митинг, жыйындарды өткөрүүгө мораторий жарыялоо керек деген жыйынтыкка келген Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин чечимдери мыйзамсыз деген пикир айтылып, митинг, жыйындарды өткөрүү тууралуу мыйзамга тезинен өзгөртүү киргизүү зарылдыгы белгиленди. Буга мыйзамда митинг, жыйындарды өткөрүүгө бийлик органдары кайсы убакта, кандай жагдайда тыюу сала алат деген жобонун так эместиги негиз берди. Андан тышкары митинг, жыйындарды өткөрүү боюнча арыздарды кароодо сот системасынын тажрыйбасыздыгы тескери таасирин тийгизүүдө деген ой айтылып, соттор саясаттан тыш болгудай реформа жүргүзүү керектиги баса белгиленди.

XS
SM
MD
LG