Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:15

Израил аскерлери Газа тилкесинде үч палестинди атып өлтүрдү.


Израил аскерлери акыркы 24 сааттын ичинде Газа тилкесинде үч палестинди атып өлтүрдү. Алардын айтымында, качкындардын Хан-Юнус аттуу айылын аскерлер текшере баштаганда, Яссин Аль-Ага атуу жигит аларга тамдын чатырынан таш кулата баштаган жана ал качып жөнөгөндө атып өлтүрүлгөн. Бирок палестиндердин айтымында, жөөт аскерлери Яссинди кармап келип, түрмөдө атып салган. Палестинада 2000-жылдын сентябр айында Израилге каршы көтөрүлүш чыккандан бери, куралдуу кагылышууларда 1700-гө жакын палестин жана 700-дөй жөөт курман болду.

XS
SM
MD
LG