Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Бириккен улуттар уюму - Кипр аралы боюнча жаңы план иштеп чыкты.


Бириккен улуттар уюму бүгүн - Кипр аралындагы абалды жөнгө салуу боюнча жаңы план иштелип чыккандыгы тууралуу жарыялады. Ал план боюнча, Түндүк Кипрди көзөмөлдөгөн түрктөр алардын колундагы 36 пайыз аймактын сегиз пайызын Түштүк Кипр гректерине өткөрүп берүүгө тийиш жана бардык башка мүлк маселелери дагы сот аркылуу чечилиши керек. Акырында болсо, аралдагы эки жумурият федерациялык мамлекет түзөт. 1974-жылы Грекияда аскерий төңкөрүш даярдалып жатканда, Түркия аскерлери - Кипр аралында жашаган түрктөрдү коргоо максатында аралдын түндүк аймагын басып алып, эгемендүү Түндүк Кипр жумурияты жарыяланган, бирок аны Түркиядан башка эч бир өлкө тааный элек. Европа Биримдигине болсо, азыр - Түштүк Кипр чакырылууда.

XS
SM
MD
LG