Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Түркия өкмөтүн көзөмөлдөгөн партиянын жетекчиси АКШ президенти менен жолугат.


Бүгүн кечинде Вошингтон шарында АКШ президенти Джордж Буш - Түркияны башкарган партиянын төрагасы Режеп Тайип Эрдоганды кабыл алат. Жолугушуу учурунда Ирак маселеси талкууларанаары күтүлүүдө, мындан бир апта мурда Түркияга - АКШ коргоо министринин орун басары Пол Вольфовиц келип, эгер Иракка каршы согуш башталса, Түркиянын аскерий базаларын колдонууга берүүнү сураган, бирок маселе толук чечилген эмес. Эрдогандын партиясы акыркы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан, бирок Эрдоган өзү премьер-министр боло алган эмес, анткени мурда диний маселе боюнча соттолгон.

XS
SM
MD
LG