Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

БОРБОР АЗИЯЛЫК ЭКИ УКУК КОРГООЧУГА ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ


Дүйшөмбүдө Нью-Йоркто Кыргызстандык белгилүү оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиев менен Казакстандык укук коргоочу, журналист Сергей Дувановго Адам укуктары боюнча Эл аралык лиганын сыйлыктары тапшырылды. Эл аралык лиганын сыйлыгы Борбор Азиялык укук коргоочулардан башка Сьерра-Леоне, Ирландия жана Кытайлык коомдук активисттерге да ыйгарылды. Аларды сыйлоо аземинен кийин Нью-Йорктогу Ачык коом институтунда Борбордук Азиядагы адам укуктарынын абалына арналган тегерек үстөлдөгү жолугушуу болуп өттү.

1993-жылы эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясын даярдоого катышып, андан бери кыргыз бийликтеринин антидемократиячыл аракеттерин ачык сындап келаткан саясатчы Топчубек Тургуналиев 9 жыл ичинде үч ирет түрмөгө камалып, баш-аягы төрт жылдай темир тор артында отуруп чыкты. Азыр ал Кыргызстандын адам укуктары жана эркиндиктери боюнча коомдук институтунун түзүүчүсү, Абийир туткундары Гильдиясынын төрагасы, оппозициячыл «Эркиндик» партиясынын лидери. Укук коргоочулардын эл аралык күнүнө карата Нью-Йоркто тапшырылган сыйлык – Топчубек Тургуналиевдин Кыргызстандагы демократия, адам укуктары, сөз эркиндигин коргоого кошкон салымын таануу, эл аралык деңгээлде анын өз өлкөсүндө жүргүзгөн күрөшүн, эмгегин балоо катары кабыл алуу абзел.

Нью-Йорктогу Ачык коом институтунда өткөн жолугушууда Кыргызстандык укук коргоочу Борбор Азиялык автократиялык бийликтер адам укуктарын ар кандай, негизинен окшош ыкмалар аркылуу басмырлап келатканына токтолду. «Борбор Азия өлкөлөрү, жалпысынан алганда, бирдей багытта өнүгүүдө. Алардын ар биринде автократиялык диктатуранын ар башка формалары орнотулган. Кыргызстанда – өзгөчө бир бурмаланган формадагы диктатура өкүм сүрүүдө. Жарандардын саясий, экономикалык, же граждандык болобу, бардык укуктары кадам сайын бузулат. Андан тышкары бийликтегилердин ишмердигин сындап, каяша айткан саясатчылардын баары куугунтукталып, кылмыш иш козголуп, же түрмөгө отуруп чыгышты», - деп билдирди Топчубек Тургуналиев. Бул айткандарына мисал катары ал 2001-жылдын январь айынан бери абакта отурган Кыргызстандык оппозициячыл саясатчы, убагында өлкөнүн жогорку кызматтарын аркалаган Феликс Куловдун тагдырына кенен-кесири токтолуп, бийликтегилердин сотторго көрсөткөн кысымын белгилей кетти. Ал кыргыз бийлиги – оппозициянын бардык түрлөрүн – көчөгө нааразылык билдирип чыккан Аксылык карапайым калкпы, же өкмөткө каршы өзүнүн жеке көз-карашын айткан саясатчы болобу, баш көтөргүс кылып жазалоону салтка айландырып алганына басым жасады.

Ал эми Адам укуктары боюнча Эл аралык лиганын сыйлыгына татыган Казакстандык укук коргоочу жана эркин журналист Сергей Дуванов азыркы тапта абакканада отургандыктан, атасынын ордуна сыйлыкты анын кызы, Денисса Дуванова алды. Казак президенти Н.Назарбаев жана анын тегерегиндегилердин коррупциялык иштерин жазып, калеминин курчтугунан эл аралык коомчулукка таанылып, казак бийлигинин душманына айланган С.Дуванов октябрь айында Америкага сапарга чыгаар алдында, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган. Ошол замат журналисттин мойнуна жаш кызды зордуктаган деген кине тагылып, азыркы күндө ал тергөөнүн жыйынтыгын күтүп, абакта отурат. Казакстандык коомдук жана адам укуктарын коргоо уюмдары Сергей Дуванов – казак бийлигин сындаган үчүн катаал жазага туш болгон саясий курмандык деп эсептешет.

Атасына ыйгарылган эл аралык сыйлыкты алып жатып, Денисса Дуванова дүйнө коомчулугун казак бийликтеринин адам укуктарын тепселеп-кордоо аракеттерин токтотууга үндөдү. «Мындан бир ай мурун Вашингтонго жаңыдан келгенимде, менде казак бийликтери эл аралык коомчулуктун реакциясынан чочулайт деген чоң үмүт бар эле. Атамдын үстүнөн ашкан айлакерлик менен ойлоп-чыгарылган кылмыш иш токтотулуп, баары ордуна келет го деп үмүттөнгөм. Бирок, казак бийликтери Батыш тараптан айтылган сын-пикир, наарызылыктарга кым этим да койгон жок. Ошондуктан, атама ыйгарылган эл аралык сыйлык – казак бийлигинин нагыз табиятына дүйнө коомчулугунун көзүн аччу көрүнүш деп ойлойм. Казак бийлигинин демократия, реформалар жана адам укуктары тууралуу айткандарына ишенүүгө болбойт. Катаал автократиялык режим түзүп алган бийликтегилер өз жарандарынын укуктарын тебелеп-тепсеп, кордоп келатышат. Андан улам, Батыш өлкөлөрүнүн Казакстанга карата көз карашы эми өзгөрөт деп ишенем», деди Алматыда абакта отурган Сергей Дувановдун кызы Денисса толкунданып турганын жашыра албай.

Ачык коом институтундагы жолугушууга катышкан чет элдик эксперттер Борбор Азиядагы адам укуктарынын акыбалына бийликтегилердин өкүмзор саясатынан башка коомду желедей каптаган коррупция, айрыкча укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери кедергисин тийгизип жатканын белгилешти. Алардын бири, Эл аралык кризистик топтун өкүлү Роберт Темплер айткандай, пара берип, окууга өткөн жана ошондой эле жол менен кызматка орношкон милиция, сот, прокурорлордон кандай калыстыкты күтүүгө болот? Ал эми кыргыз, казак президенттери өз өлкөсүндөгү демократиянын белгиси катары көз карандысыз маалымат каражаттары менен оппозициячыл партияларды атаганда, алардын жетекчилери куугунтукталып-соттолуп келатканын тескери белги катары эске алышат болду бекен? Тургуналиев менен Дувановго ыйгарылган эл аралык сыйлык, кантсе да, Борбор Азиялык укук коргоочуларга дем берчү окуя экени калетсиз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG