Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ СОГУШ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖҮРҮҮДӨБҮ?


Талдоочулардын айтымында, өткөн жылы талибдердин режими кулатылгандан кийин АКШ башын турган күчтөрдүн антитеррордук операциясы бир кыйла солгундай түшкөн. «Аль-Каида» уюмунун негиздөөчүсү Осама бен Ладен менен талибдердин ана башы Молдо Омор алиге кармала элек. Ошон үчүн, терроризмге каршы согушта ким жеңгенин айтуу кыйын. Соңку айлардагы террорчулуктун жаңы толкунуна караганда, антитерризм өнөктүгү жакында бүтпөйт окшойт дешет байкоочулар.

Акыркы үч айда Осама бен Ладендин «Аль-Каида» уюму же ага тилектеш топтор бир катар террордук акцияларды уюштурду. Октябрда Индонезиянын Бали курортунда жардырылган бомбадан 180дей турист набыт болду жана Йеменде франциялык мунай тартуучу кемеге кол салынды. Кувейтте америкалык аскер буктурмадан атып өлтүрүлдү.

28-ноябрда Кениядагы Израилдик мейманкана алдында бомба жардырылып, удаа эле 260 жүргүнчүлүү израилдик учак аткыланды.

Террордук чабуулдун октбярда башталган толкуну, талдоочулардын айтымында, «Аль-Каида» жана анын менен байланыштагы топтор жаңы стратегияга өткөнүн күбөлөйт.

Шотландиялык эксперт Магнус Рэнстроптун түкшөмөлдөшүнчө, террорчулар мурда согуштук кеме, элчилик жана Пентагон сыяктуу олчойгон обьектилерди бутага алса, октябрдан тартып чабуулдун мизин экономикага бурган. «Бул эгер чындап эле «Аль-Каида» болсо, алардын бутасы экономикага багытталганына, өзгөчө, соода менен стабилдүүлүктү бузууга багыт алганына күбө болуудабыз», дейт Ыйык Эндрю университеттинин «Терроризмди жана саясый калабаларды изилдөө» борборунун адиси Магнус Рэнстроп «Азаттык» радиосуна берген интервьюда.

Мунай тартуучу «Лимбург» кемеси менен Бали курортундагы чабуул камсыздоо сектору, баалуу кагаздар рыногу жана Түштүк Чыгыш Азиянын туризм секторуна олуттуу зыян келтирип, АКШ жетектеген антитеррордук өнөктүктүккө карата ишенбөөчүлүктү жаратты.

Ошол эле учурда, Европалык саясатчылар менен тергөөчүлөр «Аль-Каида» жана башка радикалдуу ислам топторунун коркунучун мурда жетерлик баалашпаганын түшүнүштү.

11-сентябрь чабуулунан бери «Аль-Каида» жөнүндө жетиштүү чалгындоо маалыматы топтолбогону да, терроризмге каршы күрөш ийгиликсиз жүрүүдө деп айтууга өбөлгө түзүүдө.

Лондондогу Падышалык колледждин Согушту изилдөө департаментинин терроризм боюнча эксперти Филип Сабин: «Бизде «Аль-Каиданын» жетекчилиги өз бөлүмдөрү менен кандай байланышканы жана аларды кандай башкарганы тууралуу жетерлик маалымат жок. Бен Ладен тирүүбү, ал да беймаалым. Буга караганда, жер-жерлердеги алкаидачылар, көпчүлүк террордук топтор сыңары, шартка жана ыңгайына ылайык аракеттенет көрүнөт. Борборлошкон уюмду табуу жана талкалоо жеңил болмок», деген ишенимде.

АКШлык расмий адамдардын ырасташынча, өтүп бараткан 2002-жылы террорчуларга каршы бир нече операция ийгиликтүү өткөрүлгөн. «Аль-Каиданын» көрүнүктүү мүчөсү Каед Сенян ал-Харизи менен анын беш өнөгү ноябрда Йеменде жок кылынган. Операцияны АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы уюштурган деген маалымат бар.

«Аль-Каиданын» жооптуу кызматкерлери деп шектелген Рамзи Биналшиб менен Омар ал-Фарук акыркы эки айда Карачиде жана Индонезияда камакка алынган.

Деген менен, АКШнын Тышкы саясый байланыштарды изилдөөчү көз карандысыз кеңеши октябрь айында жарыялаган докладда АКШ жана анын Европалык өнөктөштөрү, ошондой эле Сауд Аравиясы экстремисттик топтордун финансылык булагын биротоло бууп сала албады деп сынга алынган.

Докладга караганда, президент Ж. Буштун администрациясы бул иште АКШ өкмөтүнүн мүмкүндүгүн жана мыйзамдарын толук пайдаланган эмес. Ал эми Сауд Аравиясынын бийликтери «Аль-Каиданы» каржылаган жеке адамдар менен соопкерчилик уюмдарын тыйбаганы айтылат.

Талдоочулардын пикирине караганда, талибдерди ылдам талкалап, Хамид Карзай башындагы Батышка союздаш Ооган өкмөтүн куруу эл аралык террорчулукка каршы күрөштүн бирден бир чоң ийгилиги болду. Күрөштүн басаңдашы Вашингтондун Ирак президенти Саддам Хуссейндин режимине каршы мүмкүн болчу согушта эл аралык кеңири коалиция түзүү аракетине байланыштуу деп тыянак кылат аналитиктер.

XS
SM
MD
LG