Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:13

ЖҮЗҮ ОРУС, ЖҮРӨГҮ КЫРГЫЗ ЮРИЙ БОБКОВ


Аманбек Дилдеңбай, Бишкек Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Досум Үсөн» эстрадалык тобунун жетекчиси Юрий Бобков менен маек.

Юрий Бобков. Дүркүрөгөн кол чабууларга арзыган бул жигит азыр Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1970-жылдары Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылындагы орто мектепте окуп жүргөндө эле эстрадалык үн аспаптар ансамблин уюштуруп, кийин ал ансамбль Көл өрөөнүнө таанымал, Тоң райондук маданият үйүнүн алдындагы «Досум Үсөн» эстрадалык тобу деп аталып чыга келген эле. Отуз жылдан ашуун сахнадан түшпөй келаткан бул чыгармачылык топ Кыргызстандын баардык аймагында өз өнөрлөрүн тартуулап келет. «Досум Үсөн» эстрадалык тобунун көркөм жетекчиси Юрий Бобков, «менин атам өзү Самарадан, апам болсо Ставропольдон, музыкага жакын кишилер болчу. Мени музыкага жакындаштырган апам болчу, гитара ойнотуп, ошондон баштап эле музыкага аралашып кеттим», деп эскерет.

- Юрий мырза, чыгармачылыгыңызга кызыккандардан тышкары дагы жеке турмушуңузга кызыккандар арбын. Сиз бала кезиңизден кыргыздардын арасында чоңойдуңуз. Уулуңуз кыргыз кызга үйлөнүп, кызыңыз кыргыз жигитке турмушка чыкты. Кыргыздан куда-сөөк күттүңүз, Тоң районунда да урук-туугандарыңыз бар экен. Деги уругуңуз ким?

- Мен кыдыкмын. Кыдыкдарга кирем, тамаша түрүндө. Бизде жакшы бир киши Александар Михайлович Руденко иштеп кетти эле, андан «Александр Михайлович сиз кыдыксызбы же саяксызбы?» деп сурап калчу элек. Бизде Кескен-Белге чейин кыдыктар, андан ары саяктар. Ал киши «мен Кескен-Белге чейин жүргөндө кыдыкмын, Кескен-Белден кийин саякмын» дечү эле. Мен болсо башынан кыдык боюнча эле келатам.

- Сиз көптөн бери Бишкекте жашап жатпайсызбы. Ал эми Тоңдогу туугандарга каттап атасызбы?

- Албетте, жакында Тоңдо жакшы жаңылыктар болду. Маданият майрам күнгө карата, биздин маданият үйүбүз эки жолу биринчи орун алды. Ошону менен бирге дыйкан-чарбанын майрамы болгондо ошого биздин комиссиянын атынан жакшылык кылып адресат алып барып, жакшы тойлорго катышып келдик. Эми аркы-берки жакшылыкка эле баралы деп жүрөбүз. Тилекке каршы жамандык болгондо да барып жүрөбүз, тамыр үзүлсө болбойт.

- Юрий мырза сиз мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча, мамлекеттик комиссиянда иштеп атпайсызбы. Сиздин баамыңызда кыргыз тилге болгон мамиле кандай?

- Жаңы революция болгондо аша чапкандар болот, өйдө болот, ылдый болот. Башында кээ бир аша чапкандар болду, аз карагандар болду тил жагын. Бир жылдан бери комиссияда иштеп келип жатып, азыр өз ордуна, өз ирети менен келип, баары жакшы болуп атат. Мына биздин комиссия «Ырдайлы кыргыз ырларын» деген эл аралык фестивалын уюштурду. Буга Кыргызстанда жашаган кыргыз эмес башка улуттар кыргыз ырларын, комузун, манасын, бийин ырдап катышкандар, эки жылдан бери өткөрүп атабыз. Быйыл бизге Америкадан келип эки америкалык кыздар комуз чертип беришти, Япониядан келген японец комуз чертти, Түштүк Кореядан келип ырдап, комуз черткендер болду. Мен ойлоп атам, азыр баары өзүнө келип атат. Анын үстүнө биздин фестиваль бир топ түрткү берет дейм да.

- Ал эми бүгүнкү күндө Кыргыз эстрадасынын деңгээли кандай деп ойлойсуз?

- Өтө жакшы деп айтканга болбойт. Албетте аракеттер болуп атат, азыркы экономика-социалдык жактардан караганда, 70-80-жылдары Кыргызстанда эстраданын деңгээли бийигирек болчу да. Кыргызстанды экономикалык жайы көтөрүлгөн сайын биздин да эстраданын деңгээли көтөрүлөт деп ойлом. Азырынча мактана турган көп деле нерсе жок. Бизде Россияныкынан, керек болсо чет өлкөлүктөн калбаган таланттар көп. Ошолорду чыгарыш керек. Өкмөт жактан дагы ошол жагын караш керек. Биринчиден Казакстанга, анан кийин Россияга теңелсек, анан ары чыга берсек болот.

- Бишкекте эки күндүн биринде эле топтошкон «Эстрада жылдыздары» деп концерт коюп атышат. Алардын концертине көбүнчө фонограмма, жазылган үнү менен ырдап атышат. Жандуу музыка жок. Ушуга сиздин көз карашыңыз?

- Бул оору менен биз эле эмес, азыр жаңыдан Россиядагы1997-жылдан баштап азыркыга чейин ырчы жалгыз туруп эле ырдап койчу. Алар жок дегенде азыр музыканттарды коюп атышат, же эстрадно-симфонический оркестр менен ырдап атат. Ошонун баары акча. Эми биз деле ошого өтөөрбүз.
(Жаныбызда Юрий Бобковдун уулу Денис дагы отурат. Ал «Досум Үсөн» эстрадалык тобунда музыкант жана ырчы катарында таанылып келатат).

- Денис Кыргыз эстрадасынын келечеги кандай болот деп ойлойсуң?

- Келечегин ойлойм, жакшы эле болот деп, бирок ырчылар ырларын кичине жаңыртыш керек. Чынын айтканда бүт программалар эски болуп кетти, элдер тажады. Элдерге жаңы ырларды тартуулаш керек.

- Денис, Кыргызстандан тышкары шериктеш мамлекеттерге барып «Досум Үсөн» эстрадалык тобу менен концерт тартуулаганга аракет кылып атасыңарбы?

- Биз «Славянский базар», башка фестивалдарга да даярдануудабыз. Жакшы даярданып Кыргызстандын атынан чыгып коелу деп атабыз.

XS
SM
MD
LG