Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

ЫСЫК-КӨЛ ӨРӨӨНҮНДӨ ЖАШ МУУНДАРДЫ ТАРБИЯЛОО МАСЕЛЕСИНЕ ЖЕТИШЕРЛИК КӨҢҮЛ БУРУЛБАЙ КЕЛАТАТ


Шейшекан Жаналиева, Каракол Ысык-Көлдөгү «Сабат» бейөкмөт коомдук уюмунун лидери Доктуркүл Кендирбаева менен маек

- Доктуркүл Шаршеевна, ичкилик ичкен, тамеки тарткан, ал тургай баңги заттарды пайдаланган фактылар бар экендиги жашыруун эмес. Бул боюнча педагог катары эмне айтмак элеңиз?

- Бүгүнкү күндө Ысык-Көл областында өзгөчө баңги заттарды, писхоактивдүү заттарды пайдаланган жаштардын арасында көбөйүп бараткандыгы укук коргоо органдардын статистикалык маалыматында көрүнүүдө. Өзгөчө Ак-Суу районундагы жаштардын арасында бул заттарды пайдалануу күчөдү. Бул балдардын үй-бүлө чөйрөсүнөн, эң биринчиден, эне-атасынын тарбиясынан болууда. Анткен себеби, эне-атасы арак ичип, көбүрөөк тамеки тартса бул бала андан эч каякка алыс кете албайт. Учурда эң оор маселелердин бири - жаштардын жумушсуздугу. Жумушсуздукка шылтоо менен , жокчулукка шылтоо менен бүгүнкү күндө жасалган эң чоң кылмыштын баардыгы ушул психоактивдүү заттарды пайдалануунун негизинде келип чыгып жатат. Айрыкча, эч кимге жашыруун эмес, Ак-Суу жана Түп районунда кара куурайды массалык түрдө жыйноо көбөйдү. Ошолорду жыйноодо балдардын эмгеги пайдаланылууда. Айрым учурда билбестикке, жокчулукка шылтаса, кээ бирөө жашы жете элек балдар укук коргоо укуктук жооп керчиликке тартылууга кандайдыр бир жеңилдик бар экенин билип туруп эле ушуга барган эне-аталар да жок эмес.

- Силер 2 ай бою «Жаштар баңгиликке каршы» деген акция өткөрдүңүздөр. Эмне үчүн учурдун эң орчундуу бул маселесине мамлекеттик эмес, дал ушу сиз жетектеген Ысык-Көл «Сабат» коомдук уюму кайрылды?

- Бул балдардын туура өнүгүшүнө ар бир адам инсан катары салымын кошушу зарыл. Оппозиция менен бийлик ээлери бийлик талашып турганда, жаштардын кайдыгер калышы эч кимди өкүндүрбөй койбойт. Эртеки күнү ошол кыргыздын мыкты инсандарын ким тарбиялап чыгат, кандай тарбиялап чыгат, эч ким кепилдик бере албайт, анткени психоактивдүү заттардын көбөйүшү бул жаштарды чалгы чапкандай кылып, мыкты инсандардын санын азайтып жатпайбы. «Сабат» ушул проблемаларды көрүп, статистикалык анализдеринин баарын изилдеп жүрүп, ошо балдардын арасында иштердин начар экендигин аныктап туруп, Сорос Фондуна кайрылуу жасаганбыз. Алар кайрылууну колдоду. Буга чоң рахмат. Ушуну менен биз инсандык милдетибизди аткардык. Бизге чоң саясаттын да кереги жок, чоң көңүл бөлүүнүн да кереги жок. Эң негизги, ыйык максатыбыз - коомубузда ушунчалык таза инсандардын көп болушу, ошого адамдык парзыбызды аткардык деген ойдо болдук. Анын үстүнө негизинен биздин уюмдун милдети билим берүүнү өнүктүрүү. Билим берүүнү кантип өнүктүрөсүң, эгерде инсандын бардыгы, жеке адамдык касиеттердин баары деградацияга түшүп , андай касиеттерди жок кыла турган заттар пайдаланылып жатса? Биздин билим берүүбүз деле эч кандай жыйынтык бербей калышы мүмкүн да

- Сиз педагог катарында Ысык-Көл областындагы мектепке тартылбай калган көчө балдарынын тагдыры жөнүндө айтсаңыз.

- Биринчиден, Ысык-Көл областында ушул убакка чейин кароосуз балдарды атайын жайгаштыра турган мекеме жок. Дагы эле болсо ушу кароосуз балдар менен көбүрөөк иштөө керек болуп жатат. Бул маселеге коомдук уюмдар да кайрылып жатат, анткени мамлекеттин финансылык каражаттарын чектелүү. Бул маселе орчундуу чечилбей жатат. Сөзсүз түрдө буларды топтоочу реабилитациялык борбор керек, анткен себеби, бул балдар менен системалуу иштеш керек. Көпчүлүк себеби эне-аталарда болуп жатат, эне-аталар менен иштөө керек. Баланы алып тарбиялап, кайра бир жерде койгонуң менен үйүндө шарты жок, тарбиясы жок балдар кайра эле көчөгө чыгып кетет. Айрым учурда көп балдар муну адат кылып алган учур болуп жатат, себеби мектепте окуп, кандайдыр-бир оор түйшүктү тартпастан, эркин акчага, эркин жүргөнгө байыр алып кеткен учурлар байкалып жатат. Ошол балдар үчүн тренинг өткөрдүк жана бир нече жолу кайрымдуулук акциясын жасадык. Укук коргоо органдары да буга кошулуп жатышат.

XS
SM
MD
LG