Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

КЫРГЫЗСТАНДА ДЕМОКРАТИЯ КАЙРА ЖАНБАЙТ


Ноябрдын орто ченинде «The Wall Street Journal» гезитинде жарыяланган макалада Борбор Азиялык өлкөлөр соңку кездери адам укуктары чөйрөсүндө Батыштын катуу кысым-кыйкымына кабыла баштаганы айтылган эле. Макалада Кыргызстандагы абал тууралуу да сөз болгон. Аталган макаладагы айрым жагдайларды тактоо максатында Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси Бакыт Абдрисаев басылмага жооп кат жазган.

Кыргызстандын элчиси Бакыт Абдрисаев баарыдан мурда президент А. Акаев 2005-жылы бийлик мөөнөтү бүткөн соң кызматтан кетерин кайрадан бышыктаган. Элчинин сөздөрү боюнча, быйыл сентябрда Кошмо Штаттарындагы визит маалындагы талкуу-таңаштарда муну А. Акаев өзү да ачык айткан. Азыр ал бийликти тынч өткөрүп бергенге даярдык көрүп жатат, деп ырастайт элчи. Быйыл президент саясий жана экономикалык реформаларды өркүндөткөнү бир катар кадамдарды жасады. Алардын ичинен элчи Кыргызстанда Адам укуктары боюнча Улуттук программа кабыл алынып, ал жүзөгө ашырыла баштагандыгын бөлүп көрсөтөт. «Өкүнүчтүүсү -деп белгилейт элчи -быйыл марттагы кайгылуу окуялар өкмөттүн бул багыттагы аракеттерин аксаткан иш болду жана анын айынан эл аралык коомчулуктун Кыргызстанга көңүлү көбүрөөк кадала баштады». Кайгылуу калайманга болсо, элчинин түшүндүрмөсү боюнча, айрым ырасмий өкүлдөр менен оппозициялык лидерлердин антидемократиялык дем-дымактары каргаша болду. Ошентсе да элчи марттагы трагедияны экинчи жактан алганда кыргыз коомунун демократиялык асыл нарктарга айныбай берилгендигин олуттуу сынактан өткөргөн да окуя болду деп эсептейт. «Өкмөт алмаштырылды, мамлекеттик комиссия түзүлүп, иштин чоо-жайы гана эмес, проблеманын түпкү себептери да териштирилди. Марттагы трагедиянын түздөн-түз күнөөкөрлөрүнө жакын аралыкта кыргыз соттору адилет өкүм чыгарганы турат», деп жазат кыргыз элчиси. «Президент Акаев, -деп улантат элчи, - практикалык бир катар чараларды кабыл алды. Атап айтканда, Конституциялык Кеңеш түзүлүп, негизги мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр киргизилгени жатат». Конституциялык жаңы түзөтүүлөр, элчинин ишениминде, демократиялык реформаларды илгерилетет, бийлик бутактарынын укуктарын теңдейт. «Конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоору эки айлык талкуудан өткөн соң жалпы элдик референдумга коюлат. Мындан тышкары парламент президенттин сунушу менен омбудсман жөнүндөгү мыйзамды жактырды. Жакындан тартып өлкөдө адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссар иштей баштады».

Абдрисаев мырза Кара-Кулжа шайлоо округундагы окуяларга да кайрылып, «оппозициялык кандидаттын жеңишин жергиликтүү соттордун бир судьясы гана жокко чыгарып салды» деген пикирди макул көрөт. Бирок элчи бул иштин акыркы чечими кантсе да кыргыз мыйзамдарынын негизиндеги адилет бүтүм болот деп ишенет.

Кыргыз элчиси болгону бир пикирге макул эмес. Атап айтканда,Кыргызстандын жетекчилиги демократиялык реформаларды, элчинин ишениминде, Батыштын кысым-кыйкымынан улам гана жасап жаткан жок. Тескерисинче, кыргыз жетекчилиги бул реформаларды демократияга айныбай ишенген ички мүдөөсүнөн, болочокто Кыргызстанды дүйнөлүк жамаатка толук кемелде интеграциялоо максатынан улам жүзөгө ашырып жатат.

«Кыргызстан реалдуу демократиялык коомду көздөй кадуулап бараткан тайгак жана тар жолдо кыска мөөнөт аралыгында көзгө толумдуу көрсөткүчтөргө жетишти», деп эсептейт кыргыз элчиси.

XS
SM
MD
LG