Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Баткен областтык акимчилигине Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн адамдар чогулду


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. Баткен областтык акимчилигине Тажикстандан келип, Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн этникалык кыргыздардын отузга жакын өкүлү чогулду. Областтын аймагына Тажикстандын кошуна райондорунан көчүп келишкен этникалык кыргыздардын мындай аракетине, Кыргызстанга көчүп келгенине 5 жылдан ашканына карабай жарандык берилбей жатышы себеп болгон. Бул топ менен областтык акимчиликтин Укук коргоо жана коргоонуу бөлүмүнүн башчысы Шадыбек Бакыбеков жолугуп, алардын арыз-армандарын укту. Жолугушууда алар жарандык алуу маселеси ушул күнгө дейде чечилбегендиктен, чек ара жана бажы постторунда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын, үстүбүздөгү жылдын 1-январдан баштап паспорт алмаштыруу мөөнөтү аяктаса, эч кайсы өлкөнүн атуулу болбой эки ортодо калаарын айтышып, бул маселени тез арада чечип берүүнү өтүнүштү. Ш. Бакыбеков бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилээрин түшүндүрүп, жарандык берүүдө кыйынчылыктарын жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөрүн билдирди. Ошондой эле этникалык кыргыздардын өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын топ түзүлүп, өлкө борбору Бишкекке чейин барып бул маселени чечүү боюнча аракеттер көрүлө турган болду.

XS
SM
MD
LG