Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

«Эркин Кыргызстан» партиясына декабрга чейин жаңы жетекчи шайланат.


БИШКЕК. «Эркин Кыргызстан» партиясынын 21 өкүлдөн турган Саясий Кеңеши декабрдын акыркы аптасында чогулуп, партиянын жаңы жетекчисин шайлайт. Бул тууралуу партия төрагасынын милдетин убактылуу өтөп жаткан Бектур Асанов билдирди. Партиянын мурдагы жетекчиси Турсунбай Бакир уулу Омбусмандык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу партиянын президиуму жетекчиликти партияны уюштуруучулардын бири, мыйзамчы депутат Асановго убактылуу өткөрүп берген. «Эркин Кыргызстан» 1991-жылы алгачкы саясий партия катары катталган. Кийинчерээк анын активдүү мүчөлөрү оппозициялык маанайдагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев «Ата-Мекен» партиясын, ал эми Топчубек Тургуналиев «Эркиндик» партиясын түзүшкөн. Б. Асановдун билдиргенине караганда, жетекчиликтин алмашышы конструктивдүү оппозициялык маанайдагы «Эрк» партиясынын саясий багытын өзгөтпөйт. Партия январь айынан баштап өз курултайына даярдыктарды көрө баштайт. Өткөн парламенттик шайлоонун алдында партиянын 12 миң мүчөсү бар экендиги тууралуу маалымат таратылган. Учурда анын 2000 чамалаш активдүү мүчөсү бар экени айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG