Соңку күндөрү Ооганстанды каптаган адаттан тышкаркы катуу суук Пакистан менен чектеш аймактардагы качкындар лагеринде чатырларда жашаган 40ка жакын жаш баланын өмүрүн алып кетти. Эдхи провинциясынын расмий өкүлдөрү Спин-Болдак калаасындагы үч качкындар лагеринде жаш балдар арасында оору-сыркоо көбөйүп, чатырларда күн көргөн адамдар катуу сууктун азабын тартып жатышканын маалымдашты. Алардын айтымында, бардыгы 1000дей оогандыктар түнкүсүн 15 градуска чейинки суукта жука чатырлардагы жашоосун улантууда.