Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Баткен областында социалдык абалды жана улут аралык кырдаалды талкуулаган жыйын болду.


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. 14-декабрда Баткен областында социалдык абалды жана улут аралык кырдаалды талкуулаган тегерек стол жыйыны болду. «Сияр Бишкек» социологиялык компаниясы уюштурган бул жыйынга жергиликтүү бийликтин, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана областтык кеңештин айрым депуттары катышып, аймактагы социалдык абалдын начардыгын, улуттар аралык пикир келишпестиктердин чыгуу себептерин изилдеген суроолорго жооп издешип, өз ойлорун ортого салышты. Жыйын катышуучулары өлкөнүн эң түпкүрүндө жайгашкан бул аймак буга дейре көңүл сыртында калып келгендиктен, баардык тарабынан артта калгандыгы жөнүндө сөз кылышты. Элдин жакырдыгы, жумушсуздуктун көптүгү сыяктуу көйгөйлөр, ошондой эле кошуна өлкөлөр ортосундагы чек ара жана бажы посторундагы элди азапка салуулар да социалдык абалдын курчушуна таасир кылаары атылды. Ал эми улуттар аралык чыр-чатактар болсо көбүнчө жер, суу талаштарынан чыгаары эскертилип, буга негизинен үч коңшу мамлекеттердин ортосундагы чек ара тилкелери ушу күнгө дейре тактала электиги себеп болуп жатканы белгиленди.

XS
SM
MD
LG