Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Парламент палатасы шектүү уй эти боюнча калкка шашылыш түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өкмөткө тапшырды.


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруучу жыйынын саламаттык сактоо жана экология комитети 13-декабрда Кыргызстанга гумманитардык жардам иретинде келген консерва түрүндөгү уй этинин жагдайын талуулады. Комитет шектүү консервага байланыштуу маалымат каражаттары аркылуу элге түшүндүрүү иштерин чукул жүргүзүүнү кыргыз өкмөтүнө тапшырды жана анда кутурма илдетинин бар-жогун аныктоо үчүн азыктын бөлүгүн эл аралык лабораторияларга жиберүүнү сунуштады. Ошондой эле бул маселе боюнча комитет өз алдынча иликтөө жүргүзүүнү чечти. Комитет төрагасы Ташболот Балтабаевдин билдиришинче, «Сатууга болбойт» деген белгиси бар 79 тонна уй этинин консервасынын 25 тоннасы уурдалып кеткен. Уй этинен жасалган азык Кыргызстанга кутурма илдети бар өлкө катары таанылган Ирландия мамлекетинен экология жана чукул кырдаалдар министрлиги аркылуу Эл Аралык Гуманитардык Жардам Фондунун көмөгү менен апрель айында алынып келинген. Маселенин көтөрүлүшүнө тыюу салынган азыктын 200 килограммын Бишкек эт комбинаты Кыргызстанда жасалган калайларга салып кайра сатышы себеп болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG