Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Иранда автобус аңтарылып кетип, 13 киши набыт болду.


Ирандын батышында автобус аңтарылып кетип, 13 киши набыт болду. Иран сыналгысы дагы 15 киши оор абалында ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Тегеран шаар өкмөтүнүн соңку отчетунда баш калаада жол кырсыгынан орто эсеп менен ар жарым саатта бир киши каза болоору айтылат.
Ирандын жолдорунда жылыга 200 миң чакты жол кырсыгы болуп, 20 миңдей киши набыт болот. Бул – дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG