Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Европа Биримдигине талапкер өлкөлөр Биримдикке кирүу чакырыгына жогору баа беришүүдө.


Европа Биримдигине талапкер өлкөлөрдүн лидерлери Биримдикке 2004-жылы кирүү чакырыгына жогору баа беришүүдө
Европа Биримдиги кечээ Кипрди, Чех Жумуриатын, Балтиянын үч өлкөсүн, Мальтаны, Венгрияны, Польшаны, Словакияны жана Словенияны 2004-жылдын 1-майында кошулууга чакырды.
Словакиянын өкмөт башчысы Микулаш Дзирунда Европа менен биригүү буга чейин болуп көрбөгөн мүмкүндүктөрдү ачаарын билдирди.
«Словакиянын эшиги эми Европа Биримдиги үчүн кеңири ачылды. Европа Биримдиги 20-кылымда бөлүнүп-жарылган континентти кайра бириктирип жатат», деди Словакиянын өкмөт башчысы.
Польшанын премьер-министри Лесек Миллер «Европа Биримдигине кирүүгө алынган чакыруу миллиондогон полялтардын кыялы ишке ашаарын билдирет», деди.
Грециянын президенти Глафкос Клеридес чакырууга жогору баа берип, бирок Кипр аралынын түрк эли менен сүйлөшүү үзгүлтүккө учураганын өкүнүү менен белгиледи. Натыйжада, Кипрдин грек тарабы гана Европа Шериктештигине кире турган болууда.
Кечээки Копенгаген самитинде Европа Биримдигинин учурдагы мүчөлөрү ошондой эле Болгария менен Румыниянын 2007-жылы киришин колдогон декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары Түркия менен сүйлөшүүнү, өлкөнүн талапкердиги такталгандан кийин, 2004-жылдын этегинде баштоого макулдашышты.

XS
SM
MD
LG