Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Кыргызстанда адамдар менен соода кылуу ири проблемага айланууда.


БИШКЕК. Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы боюнча Кыргызстанда адамдар менен соода кылуу улам уюшкандыкта өнүгүп, зор проблемага айланып бара жатат. Мындай маалымат Президент А. Акаевдин «Адамдарды чет өлкөгө мыйзамсыз алып чыгууга жана сатууга каршы күрөшүү чаралары» тууралуу жардыгын ишке ашырууга арналып, шаршембиде өткөн жыйында айтылды. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов болсо АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстанды бул маселе боюнча таптакыр чара көрбөгөн үчүнчү денгээлдеги мамлекеттердин катарына кошкондугун кабарлады. Анын пикири боюнча, Кыргызстан адам сатууга каршы БУУнун Конвенциясына кол коюп, атайын пролграмма иштеп чыкканы менен министрликтер менен мекемелер бул проблеманы терең иликтеп, чараны ишке ашыруу мөөнөтүн так аныктабай, үстүрт маалымат жыйноо менен гана алектенишүүдө.

XS
SM
MD
LG