Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Депутат Азимбек Бекназаров Конституциялык Сотко кайрылды.


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров шаршембиде өлкөнүн Конституциялык Сотуна кайрылуу жолдоду. Анда Кыргызстандын «Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөгү» Мыйзамдын 17- жана 22-беренелеринин бузулбашы үчүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутаты 2002-жылдын 16-майында Конституциялык сотко жолдогон арызын кароону тездетүү өтүнүчү билдирилген. Өз арызында депутаттар 1997 жана 2002-жылы кыргыз-кытай чек ара макулдашуусун ратификациялоо Конституциянын бир нече беренелерин бузуу менен болгонун билдиришкен. Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча, Конституциялык Сот берилген арызды 6 айдын ичинде карап, тийиштүү чечим чыгарыш керек, бирок ишти кароо убактысы ушул кезге чейин белгилене элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG