Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

ЕККУ Кыргызстан акыйкатчысына жардам көрсөтмөк болду.


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун Варшавада жайгашкан демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстан акыйкатчысынын ишин уюштурууга 60 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу бюронун директорунун милдетин аткаруучу Стивен Вагенсел шейшембиде кечинде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары менен жолугушуу учурунда билдирди. Стивен Вагенсел менен депутаттар Алишер Абдымомунов, Ишенбай Кадырбеков, Оксана Малеваная, Алишер Сабиров жана Эркин Булекбаев жолугушту. Анда депутаттар Ишенбай Кадырбеков жана Оксанна Малеваная Кыргызстанда демократиялык принциптер сакталбай, өлкөдө кош стандарттуулук өкүм сүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат беришти. Стивен Вагенсел өз кезегинде бийлик менен оппозиция бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүсү керек деген пикирин билдирди. Стивен Вагенсел Кыргызстанга өлкөдөгү кырдаал менен таанышуу жана ЕККУнун Академиясын ачуу аземине катышуу максатында келген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG