Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

ЖОРЖ БУШ БАГДАДГА ИШЕНБЕЙТ, БИРОК ҮМҮТТӨНӨТ


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирактын аскерий программасы жөнүндөгү отчету азырынча ишеним жарата алган жок деп билдирди. Ошол эле учурда ал Вашингтон администрациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги өнөктөштөр менен биргелешип проблеманы жайчылык жолдор менен чечкенге ниеттүү экенине ишендирди. Ал эми Пентагондун өкүлү “Вашингтон пост” гезитине билдирген маалыматтар боюнча, Кошмо Штаттары январда Перси булуңуна кошумча аскер контингентин жөнөткөнү жатат. Британ премьери Тони Блэр да өлкөнүн аскерлерине Иракка каршы болжолдуу согушка даяр турганга буйрук берди.

Мурда белгиленген пландарга ылайык, алдыдагы айда президент Буш Африкада болуп, бир нече өлкөнү кыдырып чыкмак. Бирок Ак Үйдүн өкүлдөрү ырастагандай, Ирак кризиси чечилмейинче президент эч кайда барбай турган болду. Багдаддын отчетуна анын ичи чыккан жок. Ошентсе да Буш ООНдун резолюциясын Ирак аткара тургандыгына дагы бир жолу үмүтүн билдирди. Ал эми Ак Үйдүн өкүлү Ари Флейшер Коопсуздук Кеңешинин он беш мүчөсү текши колдогон резолюциянын талаптарына ылайык Ирак документте аныкталган шарттарды бузууга тийиш эмес эле, деп эске салды. Бирок алардын баары толук сакталбаганы дайын болду, ушундан улам, Флейшердин сөздөрү боюнча, Ирак ООНдун талаптарына жараша иш кылып жатат деп айтканга болбойт.

Буга кошумча, “Вашингтон пост” гезити кабарлагандай, эмдиги айда Пентагон Перси булуңуна жуук райондорго 50 миңдей контингент жөнөткөнү жатат. Бул жерге ушу тапта эле 60 миң аскер чогулду. Британ премьери Тони Блэр да өзүнүн аскербашчыларына не бар, не жок дегендей, согушка даяр турганга көрсөтмө берди. Бирок Лондон өкмөтүнүн тышкы иштер министри Жек Стро Иракка каршы уруш башталганы калды деп айтканга али эрте экенин эскертти. Эгер Ирак Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын дагы бир жолу бузса, ошондо барып аскерий операцияга уруксат берилет. Азырынча болсо, британ министринин пикири боюнча, Багдад резолюциянын бир гана шартын бузду, атап айтканда, Ирак өзүнүн аскерий программалары жөнүндө ООНдун инспекторлоруна толук маалымат берген жок.

Ал эми Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов болсо Ирактын отчетунда коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузду деп айыптаганга негиз берчү жүйөө жок деп эсептейт.

ООНдун башкы инспектору Ханс Бликс Кошмо Штаттары менен Британия Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү чалгындоо маалыматтары жагынан эл аралык эксперттерге жардамдашпай жатканына даттанган эле. Ушундан улам Вашингтон инспекторлорго көмөктөшө турган болду. Жаңы маалыматтарда Ирак режими өзүнүн курал-жарак арсеналдарын катып жатат деп болжолдонгон жайлардын дайын-дареги айтылмакчы. Азырынча инспекторлор Багдаддын чеке-бакасындагы шектүү көрүнгөн жайларды текшерип жатышат. Ишемби күнү алар ушундай төрт обьектте болушту. Ушул эле күнү Багдаддагы жергиликтүү гезиттер Иракты Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын бузду деп айыптаганы үчүн Вашингтонду кескин сынга алып чыгышты. Алардын көбүндө Кошмо Штаттары бир эле максат менен – Иракка аскери жапырык жасап кирүү үчүн гана оюн жүргүзүп жатат деп айтылат.

XS
SM
MD
LG