Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Нарын областынан Ысык-Көл областына жүк ташыган айдоочулар эки областтын бийликтерине нааразылык билдиришүүдө.


Дамир Калыков

НАРЫН. 23-декабрда жүк ташуучу автомашиналардын айдоочулары «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, Балыкчы шаарына кире бериште орнотулган экологиялык тозотто Нарын областынан Ысык-Көл областына каттаган жүк ташуучу автонунаалардан 40 сомдон жыйым алынат, ал эми жеңил авто ээлери 20 сомдон төлөп өтүшөт. Айдоочулардын айтымы боюнча мындай жыйымдар жыл бою алынып, үзгүлтүксүз каттаган автонунаалар үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Мындан сырткары Балыкчы- Кара-Кече темир жолу курулушу үчүн деп ай сайын 100 сомдон жыйым алынат. Бирок, алардын кандайча пайдаланылып жатканы тууралуу эч кандай маалыматтар бериле элек. Мындай жагдайга нааразы болгон айдоочулар эки областтын жетекчилигине наразылык билдиришип, алынып жаткан жыйымдардын токтотулушун талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG